Барар жери жок селсаяктар үчүн баш паанек берилет

Жазылуу
Муниципалитеттин билдирүүсүндө аталган жайлар 2016-жылдын март айына чейин иштеп, барар-жери жок адамдарды жаткан жер жана бир маал ысык тамак менен камсыздайт.

БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Бишкекте баш калкалар жери жок селсаяктар үчүн убактылуу жайлар иштей баштаганын мэрия билдирди. 

Атайы жайда күн кечирген 11 майып селсаяктын туугандары табылды
Маалыматка ылайык, учурда Биринчи Май районунда туруктуу негизде 70 кишини жатуучу жер жана бир маал ысык тамак менен камсыздаган "Коломто" баш пааналоочу мекемеси, Ленин районунда 46 аялды баласы менен кабыл алуучу борбор иштөөдө.

Суукка карата Свердлов жана Октябрь райондорунда жалпы жонунан 240 адамды кабыл ала турган жайлар иштейт баштады.

Муниципалитеттин билдирүүсүндө аталган жайлар 2016-жылдын март айына чейин иштеп, барар-жери жок адамдарды жаткан жер жана бир маал ысык тамак менен камсыздайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0