Сариев: төө буурчакты сатуу боюнча ассоциация түзүү зарыл

© Sputnik / Табылды КадырбековПремьер-министр Темир Сариев. Архив
Премьер-министр Темир Сариев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер-министр төө буурчактын баасына ичи чыкпаган таластык дыйкандар менен жолугуп, кырдаалдан чыгуунун жолдорун талкуулады.

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Төө буурчакка болгон баа дүйнөлүк рыноктогу абалга байланыштуу экенин премьер-министр Темир Сариев Талас облусунун эли менен жолугушуу учурунда билдирди. 

Таласта төө буурчактын арзан баасына ичи чыкпаган болгон жергиликтүү дыйкандар нааразылык акцияларын өткөрүп келишкен.

Сариев эл алдында сүйлөп жатып төө буурчакка наркты мамлекет чегербей турганын белгиледи.

"Бир дагы мамлекеттик орган дыйкан менен сатып алуучулардын ортосунда ортомчулук милдетти аткарбайт. Компаниялар бааны өз алдынча бекитет. Төө буурчакка болгон баа дүйнөлүк рыноктогу абалга байланыштуу болот. Мында өстүрүп жаткан продуктунун сапатына да көңүл бурулушу кажет. Кырдаалдан чыгуу үчүн төө буурчакты сатуу үчүн ассоциация түзүү зарыл. Мамлекет продукциянын сапатын жакшыртуу, айдап-себүү маселелери боюнча дыйкандарды окутуу милдетин алат", — деди өкмөт башчы.

Премьер-министр өкмөт төө буурчактын килограммы 60 сомдон болуп жаткан башка өлкөлөр менен сүйлөшүү маселесин карай турганын билдирди.

"Декабрдын аягына чейин төө буурчакты сатып түгөтүүгө жардам берүү зарыл. Муну менен бирге 2016-жылы күнөскана менен жашылча-жемиш сактоочу жайларды кура баштайбыз. Бул өндүрүлгөн продукцияны жазга чейин сактап сатууга жардам берет", — деди Сариев.

Быйыл төө буурчактын жалпы түшүмү 70 миң тоннаны түзгөн. Учурда анын бир килограммы 35 сомдун тегерегинде сатылып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0