Социалдык интернаттардын ыңгайлуулугу артат

© пресс-служба Минобрнауки КРБилим берүү жана илим министри Элвира Сариева. Архив
Билим берүү жана илим министри Элвира Сариева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда өкмөт ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын интернаттык мекемелерин Билим берүү жана илим министрлигинин карамагынан чыгарып, Социалдык өнүгүү министрлигине өткөрүп берүү маселесин чечип жатат.

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Социалдык интернаттарда реабилитациялоо боюнча кошумча кызматтар ачыла турганын билим берүү жана илим министри Элвира Сариева Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы балдар үйүнүн иши менен таанышуу учурунда билдирди.

Анын айтымында, турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарга жардам берүүчү борборлор ачылат. Өкмөттүн 2012-жылы кабыл алган интернаттык мекемелерди каржылоо токтомуна ылайык, 11 балдар үйүнүн оптимизацияланышы каралган. 

"Интернаттардын басымдуу бөлүгүндө реабилитация боюнча кошумча кызматтар ачылууда. Мында балдар убактысынын көбүн ата-энеси менен өткөрүп, интернатка билим алуу жана дарылануу үчүн гана келиши каралган. Мисалы, Беловодскиеги мектепке чейинки балдар үйүндө атайын тайпалар ачылган. Бул жетим балдар үчүн пайдалуу болсо, бала бакча жок айыл эли үчүн абдан зарыл", — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда өкмөт ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын интернаттык мекемелерин Билим берүү жана илим министрлигинин карамагынан чыгарып, Социалдык өнүгүү министрлигине өткөрүп берүү маселесин чечип жатат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0