Мечиттерде террористтик, экстремисттик уюмдар туурасында маалыматтар илинет

© Екатерина ИващенкоОш шаарындагы эң ири мечит. Архив
Ош шаарындагы эң ири мечит. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара коомчулуктун маалыматын жогорулатуу жана ар түрдүү терс көрүнүштөрдүн алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Ош облусундагы бардык мечиттерде, райондук хатипчиликтердеги маалымат такталарына КРде тыюу салынган экстремисттик, террористтик уюмдардын тизмеси жана Уламалар Кеңешинин "Хизб ут-Тахрир" диний экстремисттик уюму жөнүндө чыгарылган токтому илине турган болду. Бул туурасында Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы билдирет. 

Бишкек шаарындагы мечит. Архив - Sputnik Кыргызстан
Муфтий Кыргызстанда мечиттерди каттоо боюнча катуу талап койду
Бул коомчулуктун маалыматынн жогорулатуу жана ар түрдүү терс көрүнүштөрдүн алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө. 

Маалымат кызматы бул иш-чаралар Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын сунушунун негизинде КРнын Коргоо Кеңешинин чечимдерин аткаруунун алкагында жасалып жаткандыгын билдирди.

Облус казысы Самидин Атабаев аталган маалыматтарда коомчулук арасында түшүнбөгөн суроолорго толук түшүндүрмөлөр камтылып, ата-энелердин балдарын жана жарандардын бири-бирин өз алдынча контролдоого маалыматтуулугу жогорулаарын айтты.

"Мунун менен коомчулуктун маалымдуулугун арттыруу менен ар түрдүү терс көрүнүштөргө азгырылуунун алдын алууга болот. Мындан сырткары муфтият тарабынан бекитилген даават жүргүзүүнүн жобосу да илинип, жободо көрсөтүлгөн эрежелерди сактоо талапка ылайык экендиги түшүндүрүлөт", — деп билдирди маалымат кызматы.

Бул иштердин аткарылышына райондун имамдары хатибдери жана мечит имамдары жоопкер болду.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0