Мечитте баян айтуу учуру. Архив

Кыргызстанда окутуусу талапка жооп бербеген медреселер жабылат

71
(жаңыланган 13:13 12.11.2015)
Диний билим берген окуу жайлардын санын аймактар боюнча бөлө келгенде эң көбү Чүй облусунда жайгашкан.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Кыргызстан аймагы боюнча иш алып барып жаткан медреселердин ишмердүүлүгү каралып, алардын берген билими талапка жооп бербесе жабылат. Бул туурасында Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Орозбек Молдалиев Sputnik маалымат агенттигине билдирди. 

Кыргызстанда диний билим берген жогорку жана орто окуу жайлардын саны — сексен экендигин, бирок, алардын ону ар кыл себептерден улам иштебей тургандыгын Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын окуу бөлүмүнүн башчысы Акимжан Эргешов маалымдады. 

"Кээ бир медреселерди карап чыкканда, чала сабат адамдар деле мүдүр болуп орношуп алышканы билинди. Албетте, билимдүү адистер окуткан медреселер бар, бирок, алар аз болуп жатат. Көпчүлүгү өзүнүн чала билгендери менен башкаларды эптеп окутуп, акча алып, оокат кылып жүргөндөр көп. Мындай медреселердин  билими текшерилип, эгерде талапка жооп бербесе жабылат", — деди Молдалиев.

Диний билим берген медреселердин саны аймактар боюнча бөлө келгенде эң көбү Чүй облусунда жайгашкан.

Муфтияттан бул айдын аягында медресе жетекчилери аттестациядан өтөрүн билдиришти.

71
Белгилер:
Орозбек Молдалиев, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия, медресе, аттестация
Тема боюнча
Медреселерди ИИМ менен УКМК текшерет
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов

Бекматов: бир мандаттуу округдан талапкерлердин дебаты облустук теледе өтөт

6
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов саясий партияларга бир сааттан кем эмес убакыт эфир бөлүнүп, анын жарымы жамааттык чыгууларды камтый турганын белгиледи.

Бир мандаттуу округдан катталган талапкерлердин дебаттары облустук ЖМКларга берилет. Бул тууралуу Абдыжапар Бекматов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Бекматов: бир мандаттуу округдан талапкерлердин дебаты облустук теледе өтөт

Анын айтымында, талапкерлердин 20:00дөн 00:00гө чейинки убакытта эфирге чыгуусу каралган.

"Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү мезгилинде саясий партияларга мамлекеттик ЖМКлардан бир сааттан кем эмес акысыз эфирдик убакыт кепилденген. Учурда бул боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, эфирдин убактысы бөлүштүрүлүүдө. Партиялар бөлүнгөн эфирдик убакыттын жарымынан кем эмесин жамааттык чыгуулар, дебаттар же тегерек столдор менен камтышы керек. Бул саясий партиялар үчүн талаптар. Ал эми бир мандаттуу округдан катталган талапкерлер үчүн аймактык медиаборборлордон аянтча берилет. Анткени бир аймактын көйгөй, маселелери башка регион менен окшошпойт", — деди Бекматов.

Ошондой эле ал кепилденген убакыт жумуш күндөрүнө туура келе турганын кошумчалады.

6
Белгилер:
Абдыжапар Бекматов, шайлоо, талапкер, дебат
Тема:
Жогорку Кеңешке шайлоо 2021
Тема боюнча
Партиялык система менен 1046 киши депутат болууну мелжеп жатат. Статистика
Спутник Лайт вакцинасы. Архив

Элчилик: Россия Кыргызстанга вакцина алуу үчүн 1,2 млн. доллар бөлөт

12
(жаңыланган 12:13 27.10.2021)
Россия тараптан коронавируска каршы "Спутник Лайт" вакцинасынын 200 миң дозасын сатып алуу үчүн 1,2 миллион доллар каражат бөлүнөрү айтылды.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Россия өкмөтү Кыргызстанга коронавируска каршы вакцина сатып алып, жеткирип берүү үчүн 1,2 миллион доллар бөлүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилигинен кабарлашты.

"Спутник Лайт" вакцинасынын 200 миң дозасын сатып алуу үчүн 1,2 миллион доллар бөлүнөт", — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка караганда, гуманитардык жардам Россиянын ӨКМи аркылуу берилет.

Эске салсак, Россия буга чейин да жардам иретинде Кыргызстанга "Спутник V" вакцинасын берген.

12
Белгилер:
Россия, Кыргызстан, вакцина, гуманитардык жардам
Тема:
Коронавируска каршы эмдөө
Тема боюнча
ДССУ "Спутник V" вакцинасын жактыруу процедурасын жандантты
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров. Архив

Жапаров: жаңы схема беш айда 746 млрд. сом көмүскөгө кетип жатканын аныктады

14
Депутат өлкөдө көмүскө экономика расмий түрдө 26 пайызды түзөрүн, расмий эмес маалымат боюнча 40 пайыздан ашарын айтты.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Кыргызстанда электрондук эсеп-фактурасы киргизилгенден кийин беш айда 746 миллиард сом көмүскөгө кетери аныкталды. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Депутат Мирлан Жээнчороев көмүскө экономика расмий түрдө 26 пайызды, расмий эмес маалымат боюнча 40 пайыздан ашарын айтты.

"Бул жерде 2-3 миллиард доллар жөнүндө сөз болууда. Эгер сиздердин планыңар ишке аша турган болсо бюджетке канча салык түшөт? Көмүскөдөгү 26 пайызды ачыкка чыгара аласыздарбы?", — деп сурады депутат.

Жапаров бул багытта 1-июлдан тарта электрондук эсеп-фактурасын киргизилгенин билдирди.

"Андан соң биз мурда көрбөгөн экономиканы көрө баштадык. Төрт-беш айда акча жүгүртүү 1 триллион 222 миллиард сомду түздү. Анын ичинен 746 миллиард сому патентке бөлүнөт экен, башкача айтканда, көмүскө жакка кетет. Эгер жаңы Салык кодексин кабыл алсак, электрондук эсеп-фактурасын, контролдук-кассалык машианаларды иштетип турсак, кошумча 50 миллиард сомдон түшүүнү камсыздап берет", — деди министрлер кабинетинин төрагасы.

Ошондой эле ал мындан ары туура эмес схемалардан баш тартып, баарын ачык-айкын жасай турганын белгиледи.

14
Белгилер:
Кыргызстан, Акылбек Жапаров, көмүскө, акча, зыян
Тема боюнча
Жакында 453 айыл өкмөттүн башчысы жаңы унаалуу болушу мүмкүн. Жапаровдун планы
Жапаров Бажы кызматынын жаңы жетекчиси кандай милдет менен дайындалганын айтты