Сирияга Ысык-Көлдөн он алты адам кеткен

© Sputnik / Дмитрий Виноградов / Медиабанкка өтүүСирия. Архив
Сирия. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын күч түзүмдөрү Сириядагы согушка катышып жаткан өлкө тургундарын аныктап, экстремистик адабияттардын жайылуусуна каршы аракеттерди көрүп жатат.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Ысык-Көл ОИИБдин кызматкерлери облустун 16 тургуну Сириядагы согушка кеткени аныкталгандыгын ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Облустук ички иштер башкармалыгы бардык материалдарды прокуратурага өткөрүп берген. Ошондой эле, экстремисттик материалдардын жайылуусуна каршы чаралар көрүлүп жатат.

"9-ноябрда ИИМдин кызматкерлери 26 жаштагы К.М. аттуу жаранды кармашкан. Ал Россияга араб тилиндеги үч таңгак китепти жиберүүгө аракет кылган", — деп айтылат билдирүүдө. 

Калашников автоматтары. Архив - Sputnik Кыргызстан
ИИМ: интернетте экстремисттик кайрылуу жасаган жаран кыргызстандык болуп чыкты
Милиция кызматкерлери араб тилиндеги 51 китепти алып, теологиялык экспертизага жөнөтүштү.

Андан сырткары Баткен облусунун күч түзүмдөрү учурда Сириянын согуш болуп жаткан аймактарында 22 жаштагы Лейлек районунун тургуну жүргөнүн аныкташкан http://sputnik.kg/incidents/20151112/1020038530.html. Ал буга чейин интернет аркылуу видео кайрылуу тараткан болчу. Аталган факты боюнча бардык материалдар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке берилген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0