БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Борбор калаанын башчысы Кубанычбек Кулматов Кыргызстандын беш миллионунчу жашоочусу Тынчтыкбек Курамаевге портативдүү компьютер белек кылганын муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.
Учурда Тынчтыкбек 13 жашка толду, ал Бишкектеги №2 мектептин 7-классында окуйт. Ушул эле окуу жайдын 4-классында анын карындашы кичинекей Айдана билим алат.
Мэриянын билим берүү башкармалыгы Курамаевге ар убак колдоо көрсөтүп турат.
"Мектепте Тынчтыкбекти жакшы окуган, сый-урматка татыктуу бала катары мүнөздөшөт", — деп айтылат билдирүүдө.
Кулматов балага ийгилик каалап, коюлган максаттарынын орундалышын каалады.
Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча ноябрь айынын соңунда Кыргызстандын алты миллионунчу тургуну төрөлүшү керек.