Бир жыл ичинде Кыргызстанда жарандыгы жок 10 миң адам аныкталган

© Sputnik / Табылды КадырбековАла-тоо аянтындагы элдер. Архив
Ала-тоо аянтындагы элдер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жарандыгы жок адамдардын санын кыскартуу жана анын алдын алуу аракеттери Улуттук пландын алкагында 2014-жылдын жай айларынан бери жүрүүдө.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда былтыркы жылдын июнь айынан баштап жарандыгы жок 10 миң адам аныкталганын БУУнун качкындар иши боюнча Жогорку комиссар башкармалыгынын өкүлчүлүгүнүн башчысы Маки Шинохара Каттоо кызматынын жетекчиси Тайырбек Сарпашев менен жолугушуу учурунда билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуу учурунда тараптар жарандыгы аныкталбаган адамдардын санын кыскартуу жана бул көрүнүштүн алдын алуу боюнча жасалып жаткан маселелерди талкуулашты.

БУУ желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
БУУ: ар бир 10 мүнөттө жарандыгы жана улуту белгисиз бирден наристе туулат
Сарпашев аталган жаатта башкармалыктын жасап жаткан ишинин маанилүүлүгүн белгилеп, биргелешкен аракетти күчөтүү зарылдыгын кошумчалады.

Жарандыгы жок адамдардын санын кыскартуу жана анын алдын алуу аракеттери Улуттук пландын алкагында 2014-жылдын жай айынан бери жүрүүдө. 

Шинохаранын айтымында, бир жыл ичинде Кыргызстанда жарандыгы жок 10 миң адам аныкталган, анын беш миңи каттоого алынып, юридикалык кеңештер берилүүдө.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар үстүбүздөгү жылдын 23-ноябрында Бишкек шаарында жарандыгы жок адамдардын санын кыскартуу жана анын алдын алуу боюнча VI конференция өткөрүүнү макулдашышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0