Бишкекте таштанды сорттоочу завод курулат

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүТаштанды сорттоочу завод. Архив
Таштанды сорттоочу завод. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түзүлгөн келишимге ылайык, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан бөлүнгөн каражатка жаңы таштанды жайы салынып, 34 атайын техника сатып алынат.

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Катуу калдыктардан арылуу системасын жакшыртуу максатында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) тарабынан бөлүнгөн каражатка жаңы таштанды жайы салына турганын мэрия билдирди.

Мусорные контейнеры которые получила мэрия в рамках проекта ЕБРР. - Sputnik Кыргызстан
Бишкекке жаңы таштанды челектер келди
Маалыматка ылайык, буга чейин мэрия жана "Тазалык" ишканасы менен ЕРӨБ ортосунда аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн инвестициялык грант бөлүп берүү боюнча келишим түзүлгөн.

Учурда Каржы министрлиги ЕРӨБ берген 11 миллион евро кредиттик каражатты бөлүп берди. Мэрия бул акчага 34 атайын техника, бир нече миң таштанды челек сатып алынарын жана жаңы таштанды жайы менен таштанды сорттоочу завод куруларын белгиледи.

Долбоордун жалпы суммасы 22 миллион еврону түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0