ЖОЖ ректорлору шайланууда

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүСтуденттер. Архив
Студенттер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөттүн токтомундагы жобого ылайык жогорку окуу жайлардын жетекчилерин шайлоо ноябрь айына туш келет.

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Тогуз мамлекеттик жогорку окуу жайында жаңы ректорду тандоо боюнча шайлоо өтүп жатканын Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Кыргыз улуттук университетине ректор болуп Чынара Адамкулова дайындалды
Маалыматка ылайык, быйыл Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин, Кыргыз улуттук агрардык университеттин, Улуттук көркөм сүрөт академиясынын, Кыргыз мамлекеттик университеттин, Кыргыз мамлекеттик юридика академиясынын, Кыргыз дене тарбия жана спорт академиясынын, Кыргыз улуттук консерваториясынын, Ош технологиялык университетинин, Ысык-Көл жана Баткен мамлекеттик университеттеринин жетекчилеринин иштөө мөөнөтү аяктайт.

Жаңы ректорду окуу жайдын эмгек жамааты шайлап, талапкер тууралуу сунуш премьер-министрдин кароосуна жөнөтүлөт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0