ТИМ: Франциядагы терактыдан жабыркагандардын арасында КР жарандары жок

© AFP / ANGELOS TZORTZINISПарижде курман болгондорду эскерүү. Архив
Парижде курман болгондорду эскерүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Терактыдан каза болгондордун саны 128ге жетип, 99 адамдын абалы оор бойдон калууда.

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Алдын ала маалымат боюнча Франциядагы терактыдан жапа чеккендердин арасында кыргызстандык жарандардын жок экендигин Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Нурлан Сүйөркулов билдирди.

Маалыматка ылайык, ТИМ Францияда болгон терактыдан улам аталган өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин ыкчам штабы менен тыгыз байланышта иш алып барып жатат.

ИИМ кызматкери ити менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Франциядагы терактылардан улам Кыргызстанда коопсуздук чаралары күчөтүлдү
Маалыматка ылайык, элчилик Франциядагы кыргыз диаспорасы менен байланышып, терактыдан жапа чеккендердин арасында кыргызстандык жарандардын жок экенин тастыктаган. 

Жума күнү кечинде Парижде терактылардын сериясы болду. Белгисиз адамдар 10-окруктагы ресторандын бирине ок чыгарып, Франция менен Германиянын футбол командалары беттешип жаткан "Стад де Франс" стадионунун жанынан үч жардыруу болгон. Оюнда Франция президенти Франсуа Олланд да бар экени айтылууда. Мындан тышкары, америкалык рок-группанын концерти өтүп жаткан "Батаклан" театрында 100дөй адам террорчулардын барымтасында калган. 

Алдын ала маалымат боюнча терактыдан каза болгондордун саны 128ге жетип, 99 адамдын абалы оор бойдон калууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0