Екатеринбург Кыргызстандын азык-түлүгүнө кызыкдар

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүЕкатеринбург шаарына көрүнүш. Архив
Екатеринбург шаарына көрүнүш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экономика министрликке караштуу "Бирдиктүү терезе борбору" мамлекеттик ишканасына Екатеринбург шаарында жайгашкан ири соода түйүнүнөн кызматташуу боюнча сурам келген.

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Россиянын Екатеринбург шаарынын ишкерлери Кыргызстандан тамак-аш жана азык-түлүк продуктусун алууга кызыгуусун билдиргенин Экономика министрлиги кабарлайт.

Москвада кыргыз азык-түлүгү сатылууда
Маалыматка ылайык, министрликке караштуу "Бирдиктүү терезе борбору" мамлекеттик ишканасына Екатеринбург шаарында жайгашкан ири соода түйүнүнөн кызматташуу боюнча сурам келген. 

Россия аймагында 752 соода дүкөнүнө ээ болгон ишкана Кыргызстан менен узак мөөнөттүү келишим түзүү ниетин билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0