Франция элчилиги Париждеги теракт курмандыктарын эскерүү китебин ачты

© Sputnik / Табылды КадырбековФранция элчилигинин алдындагы гүлдөр. Архив
Франция элчилигинин алдындагы гүлдөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Париждеги терактылардын сериясы 132 адамдын өмүрүн кыйды.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Франциянын Кыргызстандагы элчилиги Париждеги теракт курмандыктарын эскерүү жана көңүл айтуу китебин ачканын аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

ИИМ кызматкери ити менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Франциядагы терактылардан улам Кыргызстанда коопсуздук чаралары күчөтүлдү
Каалоочулар Орозобеков көчөсүндө жайгашкан элчиликтин имаратына дүйшөмбү күнү саат 14.00дөн 17.00гө чейин, шейшемби күнү 9.00дөн 12.00гө чейин жана 14.00дөн 17.00гө чейин келип, көңүл айтууларын калтырып кетсе болот.

Жума күнү кечинде Парижде бир нече теракт болду. Белгисиз адамдар ресторандардын бирине ок чыгарып, ошол убакта футбол болуп жаткан "Стад де Франс" стадионунун жанынан үч жардыруу болгон. Мындан тышкары, террорчулар рок-концерт өтүп жаткан "Батаклан" театрындагы көрөрмандарды барымтага алышкан. Акыркы маалыматтар боюнча, теракт 132 адамдын өмүрүн алып кетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0