Түркия Кыргызстанга беш реанимобиль берет

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаалары. Архив
Тез жардам автоунаалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Мерседес" үлгүсүндөгү Тез жардам машиналарынын жабдыгы Түркия мамлекетинде чогултулган. Мындай унаалар мындан төрт жыл мурун жана былтыр да берилгени маалым.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Түркия Кыргызстанга медициналык жабдык менен жабдылган беш тез жардам унаасын бере турганын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Медицина логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дарыгерлердин мыйзам бузуусу тууралуу WhatsApp аркылуу билдирүүгө болот
Маалыматка ылайык, унаалардын тапшыруу аземи эртең, 17-ноябрда Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинде өтөт. 

"Мерседес" үлгүсүндөгү Тез жардам машиналарынын жабдыгы Түркия мамлекетинде чогултулган. Мындай унаалар мындан төрт жыл мурун жана былтыр да берилгени маалым. Быйылкы партия менен Кыргызстандагы заманбап реанимобилдердин саны тогузга жетет.

Унааларды тапшыруу аземи бир катар расмий өкүлдөрдүн катышуусу менен өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0