Гезиттер. Архив

Беш өрдөк: Рахман менен Жамбылды "ууру туткан" Борончу, кызмат сураган Сарпашев

972
(жаңыланган 21:01 16.11.2015)
Кыргызстандагы басылмаларга чыккан айың-кептерди аныктап, жума сайын гезит-журналдарга саресеп салабыз. Айың кептер айылынан арылабыз.

Борончунун үйүнө кирген уурулар, жоголгон акча менен койдун эти

"Майдан.kg" гезити 11-ноябрда чыккан санында куудул Борончу Кудайбергеновдун үйүнө ууру кирип, беш миң долларын көтөрүп кеткенин жазды. 

"Барынан кызыгы, уурулар акчаны алып кетип баратып, үйдүн дарбазасына Борончу Кудайбергеновдун сүрөтүн жабыштырып коюшкан", — деп жазат аталган гезит.

Куудул Борончу чындап эле үйүнө ууру киргенин Sputnik маалымат агенттигине тастыктады. Ал беш-алты жылдан бери үй салып жатканын айтып, жакында аны аяктап той бергинен билдирди.

"Биринчи күнү молдолорду чакыргам. Экинчи күнү куудулдар – Рахман, Абдылда, Жамбыл баштаган жыйырмадан ашык киши келген. Алар кеткенден кийин таңкы саат 4-5терде таттуу уйкуда жатканда биринчи кабаттагы терезеден кириптир. Экинчи этажда уктап жаткан баламдын телефонун, конок үйгө кирип куудулдар берген кошумча салынган баштыкты, идиш-аякты жана бир койдун этин алып кетиптир. Терезеден кирген уурулар эшикти ачып чыгыптыр", — деди ал.

Анын төркү үйдө турган сүрөтүн алып дарбазага илип кеткени да чын экенин айтты.

"Эртеси милициялар келип кимден шекшип жатасыз деп сурады. Мен айттым "кечээ, Рахман аке шашып кетти эле, Жамбыл эт жеп атканда "той берип аткан үйдөн ырым кылып бычак, кашык алып кетиш керек эле" деп сүйлөнүп жаткан. Бычак, кашык, идиш-аяк уурдалгандыктан мен ушул экөөнөн эле көрүп жатам", — деп Борончу тамашалады.

Бир айлык мөөнөт

"Фабула" гезити 13-ноябрда чыккан санында "Бийликтин бийик бутагындагылар Талантбек мырзага дагы бир мүмкүнчүлүк берип, баш терисин байкап көрүүнү чечишиптир. Эгер Батыралиев мындан да жакшы иштеп, кыска убакыттын ичинде өзүн көрсөтө албаса, анда өзү көнгөн Түркиясына кетери турган иш. Демек бул маселе жакын арада чечилип калышы мүмкүн", — деп жазды.

Батыралиев Саламаттык сактоо министри кызматы анын атасынан калбаганын, ден соолук, саламаттыкты сактоодогу реформа күзүндө түшүм жыйнап ала тургандай тез натыйжа бербей турганын Sputnik сайтына айтты.

"Саламаттык сактоо жаатындагы реформа аябай сабырдуулук менен жасалып, ишке аша турган нерсе. Гезиттер мен тууралуу кайсы негизге таянып жазып жатканын билбейм. Мен өзүмө жакшы, же жаман иштеп жатам деп баа бере албайм. Мен максаттарга жетүү үчүн алдыга коюлган пландарды аткарып жатам. Азыр дары дармек менен камсыз кылуу системасы абдан начар абалга келип калды. Советтер союзу урагандан кийин фармацевтикалык бизнес 100 пайыз жеке тармакка өтүп кеткен. Андыктан аны бир жолго коюп, элди сапаттуу жана арзан дары менен камсыз кылуу башкы милдеттердин бири", — деди ал.

Кызмат сурап…

"Азия News" гезити 12-ноябрда чыккан санында "1-вице-премьер-министрликтен түшкөн Тайырбек Сарпашев дароо кызматка бекибей, жогорку таасирдүү адамдарга тердеп-кургай чуркап атып, акыры Мамлекеттик каттоо кызматына дайындалды… Мамкаттоого илингенге чейин өкмөттүн Жалал-Абад облусуна өкүл катары жөнөтүлмөк экен, бирок, Тайырбек ал жактан баш тартып, көшөрүп атып ушул кызматына келди", — деп жазды.

Сарпашевдин маалымат катчысы Мелис Эржигитов мындай имиштерди жокко чыгарып, жазылгандар чындыкка эч коошпой турганын белгиледи.

"Мамлекеттик каттоо кызматын Тайырбек Сарпашев суранып, аны башкарып калайын деп чуркаган жок. Ага бул кызматты башкарып бериңиз деп суранышты", — деген пикирин айтты.

Акыйкатчылыкка көзүн арткандар

"Фабула" гезити 13-ноябрда чыккан санында Акыйкатчылыкка талапкерлер үчүн 20-ноябрга чейин сынак жарыяланганын жазып, ага ат салыша тургандар тууралуу билдирди.

"Сынак жаңы гана жарыялангандыктан азырынча талапкерлердин ысымы белгисиз. Алдын ала маалыматтар боюнча бул кызмат ордуна: түбөлүк талапкер Турсунбек Акун менен Турсунбай Бакир уулу дегендер да жөн отурбаса керек. Булардан башка дагы бир эң башкы талапкер бул –"атамекенчи" Асия Сасыкбаева болуп калышы толук мүмкүн. Балким бул айым парламенттеги эски кесиптештеринин колдоосу менен бул сынактан өтүп кетиши ыктымал", — деп жазды.

Экс-депутат Асия Сасыкбаева Sputnik агенттигине Акыйкатчы кызматына аттанбай турганын, андай тилеги жок экенин билдирди.

"Азыр гезиттер түрдүү нерсени жазып жатышат. Менин акыйкатчы болоюн дегем оюм жок. Ушундай божомол бар экенин сиздерден угуп жатам", — деди ал.

972
Белгилер:
өрдөк, ушак, пресса, гезит
Тема:
Беш өрдөк – айың-кептер айылы (23)

Окуучу кезде өзүм каччумун, азыр 8 балам менен качып жүрөм. "Чек арачы" эненин муңу

49
(жаңыланган 16:14 07.05.2021)
Катуу атып жатты, биз суу өткөн каналдын астына жашындык. Өзүм окуучу кезде дагы качар элем, азыр да сегиз баламды ээрчитип качып жүрөм. Тынч жашоо болбой калды, биз да эл катары жашагыбыз келет. Ушинтип сөзүн баштады муңайган "чек арачы" энелер.

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал маалында Баткендин 14 айылынын 40 миңден ашуун жашоочусу мектептерге, бирөөлөрдүн үйүнө эвакуацияланды. Бул учурда "Алтын-Бешик" мейманканасы 196 адамга кучагын жайып, акысыз карап жатат. Алар улгайган ата-апалар, аялдар жана балдар. Азык-түлүк, кийим-кече, гуманитардык жардам менен камсыздалууда.

Sputnik Кыргызстандын кабарчыларына Баткен районунун Ак-Сай, Көк-Таш айылдарынан келген аялдар кантип качканы тууралуу айтып беришти.

"Алар өтө күчтүү курал менен атышты. Дароо эле миномёт, гранатомёт дейби, ушундай куралдар менен ата баштады. Биз качып чыкканга жетишип калдык. Каналдын астында суу өтө турган туннелдин астына жашынып жан сактадык", — деди Көк-Таш айылынын тургуну Асылкан Халматова.

Гүлайым Сатарова Тажикстан менен чектешкен Ак-Сай айылында жашайт. Ал балдарын ээрчитип таң атпай качып жөнөгөн, дагы деле коркуп турганы көзүнөн байкалып турат.

"Эртең менен ооз бекиткенден кийин "балдарыңарды даярдагыла, алып чыгып кетет" деген имиш болду. Балдарым уктап жаткан, тургузуп даярдап, коңшулар топтошуп бир жерде турдук. ӨКМдин балдары келип бирден-экиден маршруткага салып жатты. Ал эми жетишпей калгандары Рават айылына качты. Жетишкени Баткен элине (шаарына) келди", — деп эскерет айыл тургуну.

Сатарова жети кыз, бир уулдун энеси, жолдошу чек ара заставасында иштейт. Ал сегиз баласын ээрчитип, буга чейин бир нече ирет качканын айтып берди. Мындай жаңжал өзүнүн бала кезинен бери токтобой жатканы ызалантат.

"1989-жылы мен 4-класстагы кыз элем, тажиктер менен чыр чыгып элди вертолёт менен эвакуациялаган. Бүгүнкү күндө балдарыбыз да ушинтип качып жүрөт. Былтыркы урушта балдарды үйгө калтырып, чоң кызымды тосуп алганы Ошко баргам. Аэропортко жеткенде артыбыздан чалып "башталып кетти, атышып атат" дешти. Эне үчүн ал убакты элестетип көргүлөчү. Үйгө жеткенге чейин канча нервим кетти, күйгөндөн суу иче берип азыр ден соолугумдан айрылып калдым, чынын айтсам. Кудайга шүгүр, коңшулар балдарымды коопсуз жайга алып чыгыптыр. Баары бир өз көзүң менен көрмөйүнчө кыжалат болосуң. Акыркы ирет таштаганым ошол болду, ошондон бери балдарымды таштай албайм", — деди Сатарова.
Пустая улица села Ак-Сай во время военного конфликта с Таджикистаном
© Sputnik / Эламан Карымшаков
Гүлайым Сатарова тажик тарап менен чыр алгач Ак-Сай айылында гана болсо, акырындап отуруп Көк-Ташка жетип, анан Лейлек районуна өткөнүн белгилейт

Бул үй-бүлөнүн турак жайы чек арага бет маңдай, жолдун боюнда жайгашкан. Ошондуктан да ээн-эркин жашап, балдарды көчөгө чыгаруу бир топ кооптуу экенин белгиледи.

"Дагы деле кооптуу, барсак кантип жашайбыз, билбейм. Айрыкча энелер үчүн кыйын экен, түн уйкуда дагы башталып кетсе кантем деп ойлоносуң. Буга чейин мен бир нече ирет качып көрдүм. Балдарым өтө жаш эле, бирин алсаң бири калып кетет, өкүрүп-бакырып ыйлап дагы жүрдүм. Мен дагы эл катары кеңири, коркпой-үркпөй, тынч жашасам дейм. Өзгөчө кыздарымдан корком, тажикстандыктар ары-бери өтүп тийише берет экен", — деп муңайды эне.

Ал эми аксайлыктар үчүн мал кармоо чоң тобокелчилик экенин айтат. Себеби коңшу өлкөнүн чегине өтүп кеткен мал кайтпайт экен.

"Мал кармасаң өзүңө жакшы эмеспи. Бирок Тажикстанга кирген мал ошол бойдон жок болуп жатты да. Коңшуларыбыз беш-алтыдан жоготту, кээде короосунан жылкыларды айдап кеткен учурлар болду. Бирок биздин бийлик тараптан бири дагы кайтарылбады. Алардын малы кирип кетсе биз, кыргыз, кең пейил эл экенбиз "тиги жерде тажиктин малы бар экен, айтып койгула, келип алып кетсин" дейбиз. Биз бирөөнүн малын мал кылганды жактырбайт экенбиз", — деди Сатарова.
Айыл окмоту села Ак-Сай во время военного конфликта с Таджикистаном
© Sputnik / Эламан Карымшаков
Чек арада жайгашкан Ак-Сай айылынын жайыты кенен, суунун башы

Асылкан Халматова кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда тараптар алгач бири-бирине таш ыргытуу менен чектелсе, эки-үч жылдан бери курал колдонула баштаганына тынчсызданат.

"Бизге бийлик ушул чек араны чечип берсе, зым тор тартып эле тосуп таштасынчы. Болбосо мындай кайталана берет. Барган сайын күчөп жатат. Биринчи 1988-жылы башталган, Курман айт күнү тажиктер чыгып кетмен, күрөк, таш менен чабышкан. Биздин айылдар шахмат түрүндө жайгашкан. Суунун башы сыяктуу жакшы жерлерибизди алып калып, башка жагын алмашса деле макулбуз. Биз тынч жашагыбыз келет. Бийликтен ошону талап кылабыз", — деди Халматова.

Гүлайым Сатарова тажик тарап менен чыр алгач Ак-Сай айылында гана болсо, акырындап отуруп Көк-Ташка жетип, анан Лейлек районуна өткөнүн белгилейт. Бизден кийин башка айылдарда дагы тынчтык жок болуп калды дешти энелер.

"Алардын максаты эле кичине-кичинеден басып, жерлерди ала бериш экен. Кысым кылып жатып, бир канча жерлерди алып койду буга чейин. Кийин эл жапа тырмак чыгып, бербей тирешчү болду. Ак-Сайдын жайыты кенен, суунун башы. Биздин эл кетсе, каргаша болгон "Головнойдогу" суу Төрткүлгө келбей калат. Ал жер жөн эле өтүп кетет да. Тажикстан көз карандысыз болуп, ээн-эркин каттап калат. Азыр ошол жерде Ак-Сай эли турган үчүн алар кичине сестенип турушат. Канча жылдан бери Ак-Сайды жок кыла албай жатышат", — деди Сатарова.
Жители села Ак-Сай во время военного конфликта с Таджикистаном
© Sputnik / Эламан Карымшаков
Жергиликтүү тургун Ак-Сай эли кетсе, каргаша болгон "Головнойдогу" суу Төрткүлгө келбей каларын айтат

Белгилей кетсек, Тажикстан менен чектешкен аймактагы куралдуу кагылыштан 190 кыргызстандык жабыркаган. Анын 36сы курман болуп, дагы 154 киши түрдүү жаракат алган.

Өкмөт талкаланган, өрттөлгөн бардык турак жайларды мамлекеттин эсебинен тургузууну убадалады. Ал эми каза болгон адамдардын жакындарына 1 миллион, жарадарларга 50-100 миң сомдон берилери айтылды.

49
Белгилер:
эвакуация, Тажикстан, коркуу, турак үй, Жаңжал, качуу, бала, эне, Ак-Сай, Баткен
Тема:
Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы
Тема боюнча
Чек ара жаңжалынан жабыркаган айылдарда аткарыла турган иштердин тизмеси
Марипов: чек ара чырынан талкаланган объектилерди оңдоого 700 млн. сом бөлүндү
Балдар Ысык-Көлдө. Архив

Чек ара чырында жапа чеккен баткендик балдар Ысык-Көлгө барып эс алат

40
(жаңыланган 15:42 07.05.2021)
Кармышаковдун айтымында, эс алууга балдар эле эмес, алардын ата-энелери да жиберилиши мүмкүн. Алар үйлөрү курулуп бүткүчө балдар мекемесинде эс алышат.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Өкмөттүн алдына чек арадагы жаңжалда жабыркаган балдарга эс алуу уюштуруу милдети коюлган. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков билдирди. Ал Sputnik Кыргызстандын мультимедиалык маалымат борборунда өткөн брифингде сүйлөп жатып айтты.

Анын айтымында, Баткенде жабыркаган балдар жайкы каникул мезгилинде Ысык-Көл санаторийине келип эс алса болорун мекеменин өкүлү буга чейин айткан. Министр мындай чаралар президенттин жарлыгынын негизинде көрүлгөнүн белгиледи.

"Чек арадагы жаңжалда жапа чеккен балдардын эс алуусун уюштуруу милдети коюлду. Тийиштүү буйрук Билим берүү, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрликтерине берилген. Мында балдар эле эмес, алардын апаларынын да эс алуучу каралган. Азырынча үйлөрү курулуп жатканда булар балдар мекемелеринде, анын ичинде Ысык-Көлдө эс алып турушат", — деди ал.

Кармышаков буга чейин брифингде төмөнкүлөрдү айтты:

40
Белгилер:
Кыргызстан, Ысык-Көл, Улукбек Кармышаков, Жаңжал, чек ара, эс алуу, балдар
Тема:
Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы
Тема боюнча
Министр: Лейлек районуна суу сактагыч куруу пландалып жатат
Кыргызстандык оор салмактагы эркин күрөш балбаны Айаал Лазарев беттеш учурунда. Архив

Кыргызстандык балбан Лазарев UFC мушкери Романовду көтөрүп чаап утуп алды

0
(жаңыланган 16:11 07.05.2021)
Кыргызстандык балбан эми Тажикстандын Рустам Искандариге көңүл жубатуучу таймашка чыгат. Кармаштын жеңүүчүсү венгриялык балбан менен коло байге талашат.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Кыргызстандык оор салмактагы эркин күрөш балбаны Айаал Лазарев UFC мушкери, молдовалык Александр Романовду утуп алды. Балбандар Токио Олимпиадасына жолдомо берилүүчү дүйнөлүк лицензиялык мелдеште көңүл жубатуучу этапта кез келишти.

Турнирдин жүрүшүн Дүйнөлүк күрөш уюмунун (United World Wrestling) расмий сайты түз алып көрсөтүүдө.

Турнир ушул күндөрү Болгариянын София шаарында өтүп жатат. Лазарев биринчи бөлүктө 1:0 эсебинде утулуп жатып, тик турган позициядан атаандашын көтөрүп чаап, ошол бойдон килемге басып далысын тийгизип, таза жеңишти камсыздады. Спортчулар экөө тең баштапкы этапта Индия балбаны Сумит Сумитке жеңилген. Ал финалга чыккандыктан Лазарев менен Романов коло байгеге ат салышуу үчүн көңүл жубатуучу беттешке чыгышкан.

Кыргызстандык балбан эми тажикстандык Рустам Искандариге көңүл жубатуучу таймашка чыгат. Кармаштын жеңүүчүсү венгриялык Хосе Даниэль Диас Роберти менен коло байге талашат.

Эске салсак, молдовалык Александр Романов UFC уюмунун мушкери. Ал промоушенде үч ирет октагонго чыгып, баарында жеңишке жеткен. Жалпысынан ММА спортунда 14 жолу таймашка чыккан болсо, бир да жолу жеңиле элек.

0
Белгилер:
лицензия, Олимпиадалык оюндар, мелдеш, эркин күрөш, Айаал Лазарев
Тема:
2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары
Тема боюнча
Балбан кыз Нураида Анаркулова лицензиялык турнирге катышат
Фехтование боюнча спортчу Роман Петров Олимпиада оюндарына жолдомо алды