Оң рулдуу таксилерге тыюу салуу элди көмүскө ташыганга алып келет

© Sputnik / Табылды КадырбековОң рулдуу автоунаанын айдоочусу. Архив
Оң рулдуу автоунаанын айдоочусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Такси кызматтары өкмөттөн оң рулдуу унаалар менен киши ташууга уруксат берүүнү бир жылдан үч жылга узартууну суранууда. ЖК депутаттары мыйзам кабыл алынган болсо да, бул маселени кароого даяр.

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Бишкекте ары-бери эл ташып жүргөн таксилердин саны жакынкы арада кескин кыскарып, бир нече мүнөттө жетип келүүчү автоунааны чакыруу мүмкүн болбой калышы ыктымал. Мунун себеби, келерки жылдын 1-январынан тартып КРде оң рулдуу автоунааларды коммерциялык максатта пайдаланууга тыюу салуучу мыйзам күчүнө кирет. 

Эмне үчүн тыюу салынган?

Рульду текшерүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Рулдун жайгашкан ордун алмаштыруу кымбат туруп калат
Оң рулдуу унааларга тыюу салуу туурасында сөздөр жети жыл мурун Кыргызстанга Япониядан көп алынып келе баштаганда эле козголгон. Бирок ыңкылап, жаңы праламентти шайлоо бул боюнча мыйзам долбоорун кароону кийинкиге жылдырган. Таксисттер эми жайыбызга коюшту деп ойлогончо болбой, бул тема боюнча кеп үч жыл мурун кайра башталган эле. 

"Оң рулдуу унааларды коммерциялык максатта пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө" мыйзамды ЖКнын мурдагы чакырылышындагы депутаттары 2013-жылы эле кабыл алган жана ошондо эле коомчулук аны "элге каршы мыйзам" деп атап, нааразы болушкан. 

Мыйзам долбооруна негиз болгон башкы себеп катары жол кырсыктарынын көбөйүшү аталган. Жол-кайгуул кызматынын статистикалык маалыматына ылайык, тогуз ай ичинде республика боюнча 5 миң 143 жол кырсыгы болсо, анын 1570инде оң рулдуу унаалар катышкан. Акыркылардын натыйжасында 246 адам каза таап, дагы 2 миң 590 адам түрдүү жаракат алган. 

ИИМдин Коомдук байкоочулар кеңешинин төрагасы Ялкун Даутовдун пикиринде, бул статистика чын эле өзүнөн-өзү айтып турат, бирок ошол эле учурда жол кырсыктарында оң рулдуу жана сол рулдуу унаалардын катнашын ЖКК келтирген жери жок. 

"Япониялыктар" айрыкча республикалык деңгээлдеги жолдордо жол кырсыктарына кабылып жатканы анык. Бирок ошол эле учурда сол рулдууларга караганда алар ыңгайлуу жана пайдаланууга бир топ арзан. Балким, мыйзамды кайра карап, жол коопсуздугун жөнгө салуунун башка жолун тапса болот чыгар? Ошону менен бюджетке да акча топтосо болот. Оң рулдуу унааларды жөн гана республикалык трассаларда пайдаланууга тыюу салса болот эле, бирок буга көз салуу өтө кыйын болот", — дейт Даутов.

Анын пикиринде, мораторийди бир жылдан үч жылга узартуу зарыл. Бул убакыт аралыгында оң рулдуу унаалардан эч зыянсыз баш тартуу үчүн бир нерсе ойлоп тапса болот. 

Биздин иштегибиз келет

Ыктыярдуу патент. Архив - Sputnik Кыргызстан
Таксисттердин патентин салыкчылардын ордуна Жол кайгуул кызматы текшере баштайт
Автоунаалар туурасында бир аз статистика: КРде 1 миллион 73 миң автоунаа бар, алардын 163 миңи — оң рулдуу. Бул жалпы сандын 15,39 пайызын түзөт. 2006-жылы бул көрсөткүч 6,41 пайыз гана болчу. Ошентип, 2006-жылдан бери мындай унаалардын санынын өсүшү 45,03 пайызды түзүптүр. 

Ал эми такси кызматындагы унаалардын үчтөн эки бөлүгүн дал ушул оң рулдуулар түзөт. 

Мындай кызматтын биринин менеджери аларда иштөөчү 1,5 миң автоунаанын миңге жакыны оң рулдуу экендигин билдирди. 

"Алар бензинди аз жеген үчүн өтө ыңгайлуу, айдаганга жеңил жана дал ушулар биздин бааны көтөрбөй кармап турганга мүмкүндүк берип жатат. Таксисттердин көбү машинаны карызга алып, аны төлөш үчүн эки нөөмөт менен иштейт", — дейт ал.

Ал таксисттер тыюуну кийинке жылдырууну сурап жатканын, болбосо митингге чыгууга даяр экендиктерин кошумчалады. 

"Канча иш орду жоголорун элестетип көрүңүз. Шаарда биздей кызмат көрсөткөндөр көп, анан калса, башка шаарларга каттаган таксисттердин саны да ондоп саналат. Ал эми тыюу күчүнө киргенден кийин биздин кызмат кымбаттап кетиши ыктымал, шаарда такси да азаят", — дейт менеджер.

Көп жылдан бери айдоочулук кылган Николай Добрецов шаар ичинде машинанын рулу кайсы жагында экени анча деле мааниге ээ эмес дейт. 

"Жакшы айдаганды билсең, эмне болсо да, жолдо кыймылыңды башкара аласың. Өзүмдүн "Хонда Фит" унаам менен иштегендин мен үчүн пайдасы көп. Мен ушинтип эле иштей берем, күн көрүш керек да. Мунун кыймылдаткычы чакан, ичи кенен жана жолдо башкарганга ыңгайлуу. Бир нөөмөттө бир-эки миң сом табам. Үй-бүлөмү бакканга жарап жатат. Сол рулдуу машина алганга акчам жок. Менин кесиптештеримдин көбү эле ушундай абалда", — дейт таксист.

Бул ойдон кайра тартса да болот

Мыйзамга кол коюлуп, оң рулдуу унааларды туура эмес пайдаланган үчүн айып салуу демилгеси көтөрүлгөнүнө карабастан, азыркы чакырылыштагы депутаттар кыйын абалга кабылган таксисттер үчүн дагы убакыт берүү жөнүндө ойлонуп калышты. 

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев өткөн чакырылыштагы парламенттин депутаты болуп турганда оң рулдуу автоунааларды өлкөгө алып келүүгө тыюу салуу жөнүндө мыйзамды демилгелеп чыкканын, бирок андан бери көз карашы өзгөргөнүн айтты. 

"Мындай унааларды сатып алганга үлгүргөн жарандар анын аркасы менен нан таап жеп жатса, маселе боюнча чечимди өтө ойлонуп туруп кабыл алышыбыз керек. Мыйзам күчүнө киргенден кийин миңдеген адамдар ишсиз калышына, айрыкча, экономикалык каатчылык курчуп турган шартта, жол берүүгө болбойт", — деди Төрөбаев. 

Фракция мораторийдин мөөнөтүн узартуу боюнча угууларды да өткөрүп, бирок маселени кийинкиге калтырууну чечти. Анын себеби, Салык кызматынын пикирин да угуу керек, анткени тыюу салгандан кийин таксисттер көмүскө иштеп кетиши ыктымал. 

"Биз таксисттердин арасында салык чегерүүлөрдү араңдан зорго жөнгө салдык. Ал эми тыюу күчүнө кире турган болсо, алар кайра эле элди көмүскө ташыганга өтүшөт. Алардын саны да өсөт", — дейт Такси операторлору менен айдоочулар ассоциациясынын өкүлү Василий Шерлиев.

Оң жагындагы руль эми жол жагында

Сариев оң рулдуу автоунаада жүк ташуунун жолун тапты
Киши ташуучулар үчүн да, мыйзам чыгаруучулар үчүн да кыйын абалдан чыгуунун жолун премьер-министр Темир Сариев тапкан. Ал эл ташуу менен алектенген бардык унааларда рулду оң жагынан сол жагына алмаштырууну сунуштаган эле. 

Өкмөт башчысынын пикиринде, маселени чечиш үчүн рулду алмаштыруу менен алектене турган стационардык ишканаларды куруу керек. 

"Бул кымбатка турбайт. Кыймылдаткычтын чыккан жылына, баасына жана көлөмүнө жараша 1 500-2 000 доллар болот", — деген премьер.

Анын айтымында, бардык оң рулдуу унааларга коммерциялык иш менен алектенүүгө өкмөт уруксат бере албайт. 

Бирок мындай чечимге айдоочулар менен жүргүнчүлөр макул эмес. Таксист Алтынбек Шариповдун пикиринде, эгер анын анча акчасы болсо, жөн гана машинанын үстүнө кошуп сол рулдуусун сатып алмак. 

"Анан калса, бизде эч ким руль алмаштырбайт. Мындай оңдоого кепилдик бере турган кишини табыш да кыйын. Биз болсо ташып бараткан адамдын өмүрүнө жооп беребиз, бир нерсе болсо, сурак бизден да. Андан көрө, документ саткандын ордуна айдоочуларга сабаттуурак айдаганды үйрөтүшсө болмок", — дейт ал.

Шаар тургуну Мария Колесникова болсо андай унаага отургандан коркмокмун дейт. 

"Бизде маршрутка, такси айдагандардын көбү өз унаасынын техникалык абалына деги эле көз салбайт, ал эми бул өтө олуттуу оңдоо эмеспи. Өкмөт сөзсүз айдоочулар да нааразы болбой, коопсуздукка да кедергиси тийбегидей бир нерсе ойлоп табышы керек", — дейт ал.

Такси операторлору жана айдоочулар ассоциациясы Жогорку Кеңеш менен өкмөттөн унааларды коммерциялык пайдаланууга жок дегенде дагы эки жыл тыюу салбай турууну өтүнөт. Мындай убакыт ишкердиктин бул түрүнөн көз карандылар өз көйгөйлөрүн жөнгө салып (насыяларынан кутулуу, сол рулдуу унаа сатып алуу, рулун алмаштыруу), Кыргызстан үчүн маанилүү болгон бул маселени чечүү үчүн зарыл. 

Жаңылыктар түрмөгү
0