Кыргызстандык футболчуларды премьер баштаган министрлер сүрөөнгө алат

Жазылуу
Беттешүү Бишкек убактысы боюнча саат 20.00дө башталат.

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Бүгүн боло турган Кыргызстан — Иордания беттешүүсүнө өкмөт башчы Темир Сариев баштаган министрлер келерин Футбол федерациясы билдирди.

Премьер-министр өкмөт мүчөлөрү менен оюнчуларды VIP-трибунадан колдоп турмакчы.

Дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагындагы оюн Бишкектин Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондон саат 20.00дө башталат.

Учурда Иордания "В" тайпасында 13 упай менен алдыда келе жатат. Экинчи орунда 12 упай топтогон Австралия турат. Кыргызстандыктар 8 упай менен үчүнчү орунда. Төртүнчү жана бешинчи орунду Тажикстан (5 упай) менен Бангладештин (1 упай) командалары ээлеген.

Дүйнө чемпионатына катышуу үчүн улуттук команданын мүмкүнчүлүгү калбай калганы менен, 2019-жылы Бириккен Араб Эмирлигинде өтүүчү Азия чемпионатына катышууга аракет кылса болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0