Жыл башынан бери карызы бар 110 миң кишинин жарыгы өчүрүлгөн

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүЭлектр зымын оңдоо. Архив
Электр зымын оңдоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпы жонунан 61,2 миллион сом төлөп, Чүй облусунун тургундары карызын жапкандардын алдыңкы сабына чыкты.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 10 айынын ичинде "Түндүкэлектр" ишканасынын абоненттеринин карызы 514,7 миллион сомду чапчыганын аталган компания билдирди.

Бишкек жана Чүй облусунун айрым жерлеринде үч күн маал-маалы жарык өчүшү мүмкүн
Жыл башына салыштырмалуу учурда дебитордук карыз 81,8 миллион сомго же 13,7 пайызга кыскарган. 

Тогуз айдын аралыгында электр энергиясы үчүн өз маалында акча төлөбөгөн 109 миң 940 абоненттин жарыгы өчүрүлгөн. 

Январь айынан бери бишкектиктер карызын тогуз миллион сомго кыскартса, Чүй облусунун тургундары 61,2 миллион сом төлөшкөн. Ал эми Талас облусунда дебитордук карыз 11,5 миллион сомго кыскарды.

Жаңылыктар түрмөгү
0