Премьер-министр Сариев: биздин футболчулар мыкты оюн көрсөттү

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстан жана Иордания менен болгон оюн. Архив
Кыргызстан жана Иордания менен болгон оюн. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчысы Кыргызстандын курама командасын бүгүнкү жеңиши менен куттуктап, 200 миң cом тапшырды.

БИШКЕК, 18-ноя.— Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев баштаган өкмөт мүчөлөрү жана өкмөттүн аппараты Кыргызстан жана Иорданиянын футбол боюнча курама командасынын оюнун көрүп, күйөрмандык кылды. Оюн 1-0 эсеби менен, Кыргызстандын пайдасына аяктады.

Өкмөт башчысы оюндан соң футболчуларды жеңиши менен куттуктап, мыкты оюн көрсөткөнүн белгиледи.

"Бүгүн силер мыкты жана кызыктуу оюн көрсөттүңөр. Оюнду баарыбыз толкундануу жана сыймыктануу менен көрдүк. Жеңиш менен куттуктайм!", — деди Сариев.

Кыргызстандын жеңиши – Иордания менен болгон беттештеги ийгилик
Өкмөт башчы Кыргызстандын курама командасын бүгүнкү жеңиши менен куттуктап, 200 миң cом тапшырды.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын оюнчулары премьер-министр баштаган бардык күйөрмандарга ыраазылыгын билдиришти.

Оюн 2018-жылдагы Дүйнө чемпионатынын тандап алуу этабынын алкагында Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0