Журналисттер жаңы парламентке атайын флешмоб аркылуу нааразычылык билдиришти

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин имаратынын алдында журналисттер "Эскеребиз, кайгысын тең бөлүшөбүз" деген аттуу флешмоб өткөрүштү
Жогорку Кеңештин имаратынын алдында журналисттер Эскеребиз, кайгысын тең бөлүшөбүз деген аттуу флешмоб өткөрүштү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Жогорку Кеңешке бир катар журналисттерди аккредиттөөдөн баш тарткан.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин имаратынын алдында журналисттер "Эскеребиз, кайгысын тең бөлүшөбүз" деген аттуу флешмоб өткөрүштү.

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЖК төрагасы өлкөнүн өнүгүшүнө журналисттердин салымын белгиледи
Парламенттин аппараты бир нече журналистти аккредиттөөдөн баш тарткандыктан улам ЖМК өкүлдөрү чогулду.

Акциянын уюштуруучусу Улугбек Бабакуловдун айтымында, алар мындай аракети аркылуу ЖК аппаратынын чыгарган чечимине нааразычылык билдиришет.

Флешмобдун катышуучулары өздөрү менен шам жана кара ленталарды ала келишкен.

"Биз өлүү төрөлгөн парламентке аза күтүп жатабыз. Ал буга чейинки чакырылыштан эч нерсеси менен деле айырмаланбайт. Депутаттар ЖМК алардын кызматчысы эмес экенин түшүнөт деп ойлойм", — деди ал.

Аталган нааразычылык акциясына экс-депутат Равшан Жээнбеков да катышты.

"Аза күтүү" аяктагандан кийин акциянын катышуучулары ала келген кара тасмаларын жыйнашты.

Буга чейин Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков жалпы жыйында калпты жазган журналисттер ЖК имаратына киргизилбей турганын айткан.

Ал мындай чечимге нааразы болгон журналисттер сотко кайрыла ала турганын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0