Премьер-министр Темир Сариев. Архив

Сариев суу менен электр энергиясын туура пайдаланууну тапшырды

51
(жаңыланган 15:00 18.11.2015)
Өкмөт башчы электр энергиясы менен туруктуу түрдө камсыз кылуу жана аны эффективдүү пайдалануу эң башкы маселе экенин белгилеп, бул жаатта мамлекеттик органдардын бирдиктүү саясат жүргүзүшү керектигин билдирди.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Электр энергиясы менен суу пайдаланууда рационалдуу саясат зарылдыгын премьер-министр Темир Сариев өлкөнүн энергетика жана суу чарба тармагынын жетекчилери менен болгон жыйында билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйында өлкөнү электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу жана күз-кышкы жылуулук мезгилинде суу ресурстарын рационалдуу пайдалануу маселелери талкууланды.

Сариев электр энергиясы менен туруктуу түрдө камсыз кылуу жана аны эффективдүү пайдалануу эң башкы маселе экенин белгилеп, бул жаатта мамлекеттик органдардын бирдиктүү саясат жүргүзүшү керектигин билдирди.

"Электр энергиясы менен суу — өлкөбүздүн эң негизги байлыгы. Бул ресурстарды колдонууда ойлонулган саясат жүргүзүү зарыл", — деди өкмөт башчы.

Жыйын соңунда тиешелүү органдарга бул жаатта конкреттүү тапшырмалар берилди.

51
Белгилер:
саясат, электр энергиясы, Суу, Темир Сариев
Тема боюнча
Премьер-министр Сариев: биздин футболчулар мыкты оюн көрсөттү
Ысык-Көл. Архив

Ишембиге карата аба ырайы

25
(жаңыланган 21:32 07.08.2020)
8-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Эртең, 8-августта, күндүз Талас облусунун айрым райондорунда жана Чүйдүн тоо этектериндеги аймактарында өткүн өтөт. Республиканын башка облустарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүйдө +32...+37, Талас өрөөнүндө +30...+35, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде +33…+38, Ысык-Көл аймагында +24...+29, Нарын жергесинде +25...+30 градус болот.

Ал эми Бишкек, Ош жана Чолпон-Ата шаарларында жамгыр жаабайт. Күндүн табы борбор калаада +35...+37, Ош шаарында +36 ...+38,  Чолпон-Атада +24...+26 градусту көрсөтүп турат.

25
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Күн ачык болобу? Дем алышка карата аба ырайы
Футболчулар. Архив

Түркияда ойногон кыргызстандык жаш футболчу эл аралык сыйлыкка татыды

32
(жаңыланган 20:46 07.08.2020)
Өспүрүм футболчу "Галатасарай" - "Истанбул спор" беттешинде жаңылыштыктан белгиленген 11 метрлик айып тобун атайын сыртка тээп, жоомарттык көрсөткөн.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Кыргызстандык жаш футболчу, Түркиянын "Галатасарай U-14" клубунун капитаны Бекназар Алмазбеков футболдук беттеште көрсөткөн акыйкаттык кадамы үчүн эл аралык Fair Play сыйлыгына татыды. Бул тууралуу Anadolu маалымат агенттиги жазды.

Өткөн жылы 13 жаштагы кыргызстандык ойногон команда Түркиянын 14 жашка чейинки футболчуларынын чемпионатында "Истанбул спор" клубу менен ойнойт. Анын жүрүшүндө Алмазбеков  капталдан чабуулга баратып, дарбаза сызыгына киргенде коргоочуну алдап өткөнү жатып кулаган. Беттеш калысы ага карата эреже бузулду деп эсептеп, 11 метрлик айып тобун белгилеген.

Кыргызстандык футболчу өзү эреже бузулбаганын, калыстын чечими жаңылыш болгонун белгилеп, 11 метрлик айып тобун атайын дарбазадан сыртка тээп, жоомарттык көрсөткөн.

Fair Play эл аралык комитети тарабынан берилүүчү мындай престиждүү сыйлыктын быйылкы лауреаттары 5-августта жарыяланды. Алмазбековдун талапкерлигин 2019-жылдын декабрь айында Түркиянын Олимпиадалык комитети көрсөткөн.

"Лацио" клубунун футболчусу Чиро Иммобиле "Алтын бутса" сыйлыгын утту

Fair Play эл аралык комитет мындай сыйлыкты 1964-жылдан бери жыл сайын тапшырып келет. Уюмдун башкы максаты спортто акыйкаттык көрсөткөн спортчуларды сыйлоо болуп саналат.

32
Белгилер:
сыйлык, Кыргызстан, футбол
Тема боюнча
France Football: быйыл "Алтын топ" сыйлыгы берилбейт