Ош аэропортунда терактылардан улам жүргүнчүлөр кош көзөмөлдөн өтүүдө

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүАэропорт текшерүү жайы. Архив
Аэропорт текшерүү жайы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аэробекеттеги коопсуздук чараларынын күчөтүлүшүнө жүргүнчүлөрдүн биринен табылган ок себепкер болду.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Эл аралык "Ош" аэропортунда коопсуздук чаралары күчөтүлгөнүн Sputnik агенттигине мекеменин директору Талант Исаков билдирди.

Анын айтымында, буга чейин Ош — Бишкек авиакаттамы менен кете турган жүргүнчүлөрдү текшерүү учурунда бирөөсүнөн ок табылып, ал жаран ИИБ өткөрүлүп берилген.

"Учурда аэробекет имаратына кирип жаткан жүргүнчүлөрдү кош көзөмөлдөн өткөрүп жатабыз. Биринчиси имаратка кире бериште жүргүзүлсө, андан кийин учакка отурар алдында перрондон текшерилет", — деди жетекчи.

ИИМ кызматкери ити менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Франциядагы терактылардан улам Кыргызстанда коопсуздук чаралары күчөтүлдү
Биринчи көзөмөл жүргүнчү терминалга кире бериш жерге орнотулган. алдын ала текшерилген бардык жарандар аэровокзалга кирүүгө уруксат берилет. Учаар алдындагы жүргүнчүнү, аны жүгүн текшерүү жана аэропорт, авикомпания, аэропортто иштеген уюмдарга көзөмөл күчөтүлдү. 

Исаков жүргүнчүлөр менен аэропорт кызматкерлери дүйнө жүзүндө болуп жаткан терактылардан улам өздөрүн коопсуз сезиши керектигин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0