Жер титирөөдөн үйү жабыркагандар мектептерде баш пааналайт

Жазылуу
Ош облусунда апта башында болгон жер титирөөдөн 400гө жакын үй жараксыз абалга келген.

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Жер титирөөдөн турак-жайы жабыркаган үй-бүлөлөрдү убактылуу жайгаштыруу үчүн Кызыл-Суу айылындагы эки мектептин 20 классы бошотулду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева өзүнүн Фейсбуктагы баракчасында маалымдады.  

Землетрясение. В качестве помощи семьям, пострадавшим во время землетрясения, освобождены 20 классов в школах Нышанбаева…

Posted by Elvira Sarieva on 19 ноября 2015 г.

Сариева Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жууркан-төшөк жана башка керектүү оокаттарды бере турганын мааалымдап, алдын ала маалыматтар боюнча 183 окуучунун үйү (84 үй-бүлө) жараксыз абалга келгендигин айтты.

Оштогу жер титирөө 390 үйдү жараксыз абалга келтирди
Белгилей кетсек, Ош облусунун аймагында 17-18-ноябрь күндөрү күчү 7 баллдан 4 баллга жеткен үч жолу жер титиреген. ӨКМдин акыркы маалыматтарына ылайык, 390 үй жараксыз абалга келген. Ош облусунда 3400 турак жай текшерүүгө алынган. Анын ичинен I даражада – 670 үй, II даражада — 1615 үй, III даражада — 725 үй, IV даражада – 380 үй жана V даражада – он үй жабыр тартканы аныкталган. Ошондой эле 112 социалдык объект иликтенип чыккан. 

Жаңылыктар түрмөгү
0