БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Ички иштер министрлигинин жетекчилиги милиционерди атып кеткен адамдарды табууга жардам берген маалымат үчүн сый акы убада кылганын Бишкек ШИИБ билдирди.
Бейшемби күнү саат 19.55те шаардык ИИБне 8-кичи райондогу №38 үйдүн короосунда милиционердин өлтүрүлүшү боюнча маалымат түшкөн. Каза болгон 26 жаштагы кенже лейтенант Актилек Абдувалиев аталган аймактын участкалык милиционери экени анык болгон.
"Бир миллион сом өлчөмүндөгү сый акы Абдувалиевди атып кеткен кылмышкерлерди табууга жардам берген маалымат үчүн берилет. Окуя тууралуу билгендерди 102 номери боюнча байланышуусун өтүнөбүз", — деп билдирди ШИИБ.
Мындан тышкары, бейшемби түнү 7-кичи районунда кылмышкерлер из жашырып кетиши мүмкүн деп болжолдонгон велосипед табылганы айтылууда.
Башкармалыктагы өздүк булактын айтымында, милиционер эки үй уурусун кармоо учурунда өлтүрүлгөн. Абдувалиевге үч ирет ок атылган. Алдын ала маалымат боюнча аны так маңдайынан туруп Макаров пистолети менен атып кетишкен.Учурда милиционерди өлтүргөн кылмышкерлерди тактоо жана аларды кармоо боюнча ыкчам-иликтөө иштери жүрүп жатат. Факт боюнча кылмыш иши козголду.
Тергөө иштерине ИИМ жетекчиси Мелис Турганбаев өзү көзөмөл жүргүзөрү белгилүү болду.
Актилек Абдувалиев Жалал-Абад облусунун Кашка-Суу айылында 1989-жылы төрөлгөн. Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын аяктап, 2012-жылдан тарта ички иштер органдарында эмгектенип келген.
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Ирандын элчиси Саид Харазини кабыл алып, эки өлкөнүн ортосунда авиакаттамдарды жандантууну талкуулашты. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-иран кызматташтыгын кеп кылышкан.
"Анын ичинде пандемиядан кийинки мезгилде транзиттик-транспорттук байланыштарды калыбына келтирүүнү жана жакын арада эки мамлекеттин борборлорунун ортосунда түз авиакаттамдарды жандантууну талкуулашты", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле дипломаттар кыргыз-иран өкмөттөр аралык макулдашууларын практикалык түрдө ишке ашырууга жардам берген биргелешкен комитет түзүүнү сүйлөшүшкөн.
Ушул убакта республика боюнча миңдеген бүтүрүүчү маанилүү тестирлөөгө катуу камылга көрүүдө. Ансыз окуу жайлардын көбүнө тапшыруу мүмкүн эмес.
Жалпы республикалык тестирлөөнү өткөргөн уюмдагылар келечекке алгачкы кадам шилтеткен бул сынакка камынууда абитуриенттер кандай катачылыктарды кетирерин айтып беришти.
Тестирлөөнүн тагдыр чечер маанисинен улам бүтүрүүчүлөрдүн көпчүлүгү азыр чүнчүп турган убак. Адистер санаага алдырбоого кеңеш беришет, ЖРТ мектеп программасынын алкагындагы тапшырмалардан турат. Эгер сабактарга калтырбай катышып келсеңиз, сизге тест татаал деле болбойт. Ошону менен бирге эле ЖРТга канчалык эрте кунт коюп даярдана баштасаңыз, жыйынтык да ошончолук сезилерлик болот.
Тестирлөөдө бүтүрүүчүлөр ой жүгүртүп жана мектепте алган билимди пайдалана билүүнү көрсөтүшү керек. Ошондуктан материалдарды жаттоонун зарылдыгы жок. Мисалы, “Тилдин практикалык грамматикасы” бөлүмүндө тигил же бул эрежени жатка айтканыңыз эмес, үйрөнгөн тилди иш жүзүндө пайдалана билгениңиз текшерилет. Маселен, сөздөрдү тилдин нормаларына шайкеш колдонуу, сүйлөмдү ылайыктуу сөздөр менен толуктай билүү жана башкалар. Тарых боюнча предметтик тестте тарыхый окуялардын себептери, кесепети жана маанисин түшүнүү маанилүү.
Тестирлөө күнү жакындаган сайын абитуриенттердин көбү ЖРТга тез даярдануу ыкмаларын издей баштайт. Ушул тапта тестке даярдоо үчүн ар кандай курстар, тренингдер жана видеосабактар арбын. Анткен менен алар ЖРТ талаптарына туура келер-келбесине кепилдик жок. Курстарда абитуриенттерди туура эмес багытта даярдап, жалпы республикалык тестирлөөгө эч кандай тиешеси жок тапшырмаларды беришкен учурлар болгон.
Билим берүү жана окутуу методдорун баалоо борборундагылар ЖРТга даярдыктын чоң бөлүгү — бул өз алдынча иш, маңдай терин төктүргөн жана ырааттуу эмгек. Ошону менен бирге эле майнаптуу жыйынтык үчүн бир айлык “атайын даярдык” курсуна жазылып, өтүп коюу жетишсиз.
Көптөгөн бүтүрүүчүлөр даярдык маалында тесттин кайсы бир бөлүгүнө басым жасайт. Мисалы, абитуриент өзүн математикада күчтүү деп санап, орус тили боюнча даярдана берет. Натыйжада өзү күчтүү эсептеген дал математикадан аксайт. Артыкчылыктарды туура белгилеп алуу маанилүү: татаал бөлүктөрүнө жакшы даярданып, бирок башкаларын да унутта калтырбоо абзел. Абитуриент негизги тестке катуу даярданып, бирок предметтик бөлүктөрүнө көңүл бөлбөй койгон учурлар да жок эмес. Айрым адистиктерге кабыл алууда жогорку окуу жайлар негизги жана предметтик тесттин жалпы баллын эсепке аларын унуткарбаңыз. Бирок канчалык көп предметтик тестти толтурсаңыз, окуу жайга өтүүгө мүмкүнчүлүгүңүз ошончолук жогору болот деген ойдон алыс болуңуз.
Тесттин өзүнө даярдыктан сырткары жооп баракчасын толтуруу боюнча да машыгып койгон оң. Бул сизге ишенимдүүлүк жана тестте баалуу убакытты үнөмдөөгө көмөкчү болот. Кымгуут жагдайда абитуриент апкаарып, баракты толтурууда ката кетирип алышы ыктымал.
Баракты толтуруунун үлгүсү “Жалпы республикалык тестирлөөгө даярданабыз” деген аталыштагы акысыз брошюрада камтылган.
Тестирлөөнүн администраторлору туура жоопту белгилөөнү көрсөтүп беришет, бирок муну эртерээк үйрөнүп алганыңыз дурус.