Мэрия шаардыктар Ошто жер титирөөдөн жапа чеккендерге жардам берүүгө чакырат

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарынын мэриясы. Архив
Бишкек шаарынын мэриясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жардам кабыл алуучу жайлар 21-ноябрдан тарта эс алуусуз 9.00дөн кечки саат бешке чейин иштейт.

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Бишкек мэриясы шаардыктарга жер титирөөдөн жабыркагандарга гуманитардык жардам көрсөтүүнү сунуштап, жардамдарды кабыл алуучу жайларды ачканын муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.

"Кырсыктан жапа чеккендер жылуу кийим-кечеге, азык-түлүккө, мектеп буюмдарына жана курулуш материалдарына муктаж", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындай жайлар борбор калаанын бардык төрт акимиатында 21-ноябрдан тарта эс алуусуз 9.00дөн 17.00гө чейин иштейт.

Жардам кабыл алуучу жайлардын даректери:

  • Бишкек мэриясынын Биринчи май райондук администрациясы — Жибек Жолу проспектиси №348, Аида Мамбетжанова, тел: 661886,661537, 623502, 0770708558;
  • Бишкек мэриясынын Ленин райондук администрациясы — Чүй проспектиси №315, Жамалкан Мамытова, тел: 656888, 653876, 0551184328;
  • Бишкек мэриясынын Октябрь райондук администрациясы — Байтик баатыр көчөсү №17, Татьяна Кузнецова, тел: 578901, 576380, 0550508207;
  • Бишкек мэриясынын Свердлов райондук администрациясы — Чүй проспектиси №28, Чынара Борбашева, тел: 360115,360707, 0772008788.

Акча каражаттар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жер титирөөдөн жапа чеккендерге өкмөт бир күндүк айлыгын которот
Үстүбүздөгү жылдын 17-18-ноябрь күндөрү болгон жер титирөөдөн эки райондун 400гө чукул турак жайы жараксыз абалга туш болуп, бир катар үйлөрдөн жарака кеткени маалымдалган. Учурда убактылуу баш паанек үчүн жабыркаган үй-бүлөлөргө боз, үй, чатырлар жеткирилүүдө.

Ушу тапта Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күчөтүлгөн тартипте иш алып барып, калкты тийиштүү нерселер менен камсыздоо боюнча аракеттерди көрүп жатат.

Жасалып жаткан иш-аракеттерге карабастан, учурда аталган аймакта жардамга муктаж адамдардын саны арбын бойдон калууда. Кырдаалды суук аба ырайы курчутуп жатканы айтылып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0