Президент аппараты жер титирөөдөн жабыркагандарга бир күндүк маянасын бөлөт

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшТүштүктөгү жер титирөөдөн кыйраган үй.
Түштүктөгү жер титирөөдөн кыйраган үй. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер-министр Темир Сариевдин тапшырмасы менен жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам берүү үчүн ӨКМде атайын эсеп ачылган. Учурда ишканалар тарабынан атайын эсепке 800 миң сом которулган.

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. КР президентинин аппаратында иштегендер жер титирөөдөн жабыркагандарга бир күндүк маянасын жардам иретинде которот. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Сейсмограф. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жалал-Абадда бүгүн күчү 5 баллга жеткен жер титиреди
17-ноябрдан 18-ноябрга караган түнү Ош облусунда жер титирөө болуп, 400гө жакын үй жараксыз абалган келген болчу.

Учурда өкмөт тарабынан жабыркагандарга жардам берүү аракеттери жүрүп жатат.

Премьер-министр Темир Сариевдин тапшырмасы менен жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам берүү үчүн ӨКМде атайын эсеп ачылган.

ТИМ башчысынын орун басары Бакыт Бешимов РФтин КРдеги элчиси Андрей Крутько менен жолуккан учурунда жер титирөөдөн жабыркагандарга жылууланган чатыр, меш, азык-түлүк жагынан жардам көрсөтүүнү суранган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0