Сариев Оштогу учак кырсыгынын себебин иликтеп чыгууга комиссияга он күн убакыт берди

Жазылуу
Премьер-министрдин буйругу менен Ош аба майданындагы кырсыкты иликтөө боюнча өкмөттүк комиссия түзүлдү.

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев жекшемби күнү Оштогу учак окуясы боюнча шашылыш жыйын өткөрүп, окуяны иликтеп чыгууга он күн убакыт берди. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Ош аба майданындагы кырсыкты иликтөө боюнча өкмөттүк комиссия түзүлүп, аны Транспорт жана байланыш министри Аргымбек Малабаев жетектей турган болду.

"Өкмөттүк комиссия тез арада окуя болгон жерге барып, жардамга муктаждардын маселесин чечүү керек. Зарылдыгына жараша медициналык жардам көрсөтүлүп, жүргүнчүлөрдүн жүктөрүнүн жоготпой сакталышы зарыл. Аэропорттогу учуу тилкесин тазалоо, кармалып турган каттамдарды жөнгө салууну, аба ырайынан улам авиациялык кызматтарды күчтөндүрүнү тапшырам", — деди Сариев. 

Өкмөт башчысы кырсыктын себебин аныктап чыгууга комиссияга он күн убакыт берди

Маалыматтарга караганда кырсык аба ырайынан улам болгон, бирок, премьер бул учак конуу тилкесинен чыгып кеткен биринчи учур эместигин айтты. Мындай окуя жылдын башында да болгон.

"Бактыга жараша адамдар зыянга учураган жок. Бирок, мындан ары буга окшогон кырсыктардын адын алуу керек. Түзүлгөн комиссиянын аталган маселени тереңдеп изилдеп чыгуусу кажет. Дегеле, өлкөдөгү бардык учактардын абалын текшерип чыгуу зарыл", — деди Сариев.

Алынган маалыматтарга караганда, ооруканага кайрылган алты адамдын экөө үйүнө жиберилген. Ооруканага жаткырылгандардын бири кош бойлуу аял.

Жаңылыктар түрмөгү
0