Башкы прокуратура: Ош аэропортундагы кырсык боюнча кылмыш иши козголду

Жазылуу
22-ноябрда Красноярск — Ош каттамы боюнча учкан "Авиатрафик" авиакомпаниясына караштуу "Боинг 737" учагынын экипажы аба коопсуздугу боюнча эрежени бузуу менен эртең мененки саат 7.50лөр чамасында Ош аэропортуна авариялык түрдө конгонун Башкы прокуратура билдирди.

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Ош аэропортунда болгон кырсык боюнча транспорт прокуратурасы тарабынан кылмыш жаза кодексинин 280-беренеси (жол кыймыл, темир жол жана аба, сууда жүрүү боюнча эрежени бузуу) боюнча кылмыш иши козголду.

Учак кырсыгынан жабыркагандар ооруканага кайрылып, бир катары үйүнө жиберилди
Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан билдиргендей 22-ноябрда Красноярск — Ош каттамы боюнча учкан "Авиатрафик" авиакомпаниясынын "Боинг 737" учагынын экипажы аба коопсуздугу боюнча эрежени бузуу менен эртең мененки саат 7.50лөр чамасында Ош аэропортуна авариялык түрдө конгон.

Окуя болгон жерге транспорт прокурорунун орун басары Союзбек Сарыков менен Ош облусундагы транспорт боюнча ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги кетти.

Учурда окуя болгон жер текшерилип, сүрөткө тартылып, окуянын келип чыгуу схемасы түзүлдү. Ошондой эле аталган аба кемесинин учкучтары менен жүргүнчүлөрү да суралды.

Алдын ала маалыматтар боюнча Ош аэропортуна материалдык чыгым келген.

Ведомстволор аралык ыкчам-иликтөө тобу түзүлдү. Учурда керектүү териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Сариев Оштогу учак кырсыгынын себебин иликтеп чыгууга комиссияга он күн убакыт берди
ӨКМден билдиришкендей, Avia Traffic Company авиакомпаниясына таандык Боинг-737 учагы жекшемби күнү 22-ноябрда Красноярск — Ош каттамы боюнча учуп, аба ырайынын катаалдыгынан улам Ошто аэропортко коно алган эмес. Аба кемеси Бишкек шаарындагы кошумча аэродромго таңкы саат 5.20да конгон.

Аба ырайы жакшыргандан кийин "Манас" аэропортунан саат 7.00дө учуп чыккан. Саат 7.43 ал Ош аэропортуна конууда тилкеден чыгып, дөңгөлөгү жана канаты сынган.

Учактагы бардык 153 жүргүнчү жана 6 экипаж сыртка чыгарылган.

Ош облустар аралык ооруканасынын жетекчиси Шайырбек Сулеймановдун айтымында төрт киши жеңил ар кандай жаракат алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0