"Ош" аэропортундагы аба каттамдары кадимкидей эле жүрүп жатат

© flickr.com / Aero IcarusBoeing 737 учагы. Архив
Boeing 737 учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жекшемби күнү Боинг-737 учагы тумандан улам авариялык жагдайда конгондуктан, бардык каттамдар токтотулган болчу.

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Ош шаарындагы аэропорттон учактар кадимки тартибинде учуп жатканын аэропорттун директорунунун жардамчысы Искендер Майлиев билдирди.

Анын айтымында, жекшемби күнү кечки саат 7.00дөн тарта кармалган жана токтотулган каттамдарга жүргүнчүлөрдү каттоо башталган.

"Учурда каттамдар кадимкидей эле учуп жатат. Кечээки окуя боюнча өкмөттүк комиссия өз ишин улантат", — деди Майлиев.

Кылмыш иши папкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Башкы прокуратура: Ош аэропортундагы кырсык боюнча кылмыш иши козголду
Канаты жана дөңгөлөгү сынган учак учуп-конуу тилкесинен ӨКМдин атайын техникасынын жардамы менен сүйрөтүлүп, коопсуз аймакка алып келинген.

ӨКМдин маалыматына ылайык, жекшемби күнү эртең мененки саат 7.43тө Avia Traffic Company авиакомпаниясынын Боинг-747 учагы Ош шаарындагы аэропортко авариялык жагдайда конгон. Ал тилкеден чыгып кетип, канаты менен дөңгөлөктөрү сынган. 

Ош аэропортунда болгон кырсыктан улам, Темир Сариев чукул жыйын өткөрүп,өкмөттүк комиссия түзүлгөн. Аны транспорт министри Аргынбек Малабаев жетектейт. Премьер-министр комиссияга 10 күндүн ичинде окуянын чоо-жайын дыкат иликтеп чыгууну тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0