Нарындык кол өнөрчүлөр Берлиндеги эл аралык көргөзмөгө катышты

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүБерлин шаары. Архив
Берлин шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын стенди көргөзмөнүн үч бөлмөсүндө жайгашкан. Ал жакта мастер-класстар өтүп, жогорку сапаттуу табигый материалдардан жасалган улуттук кийим-кече менен буюмдар көрсөтүлгөн.

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык кол өнөрчүлөрдүн делегациясы Германиянын Берлин шаарында өткөн прикладдык искусство жана элдик чыгармачылыктын "Bаzaar Berlin-2016" аттуу эл аралык ири көргөзмөгө катышканын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Түндүк. Архив - Sputnik Кыргызстан
Малайзияда кыргыз боз үйүнүн түндүгү көтөрүлдү
Маалыматка ылайык, иш-чара 17-22-ноябрь күндөрү өткөн. Көргөзмөдө биринчи жолу нарындык уздардын колунан чыккан буюмдар эл назарына тартууланды. Мындан тышкары, иш-чарага  төбөсү көрүнгөн бир катар кыргызстандык ишканалар да катышты.

Кыргызстандын стенди көргөзмөнүн үч бөлмөсүнө жайгашкан. Ал жакта мастер-класстар өтүп, жогорку сапаттуу табигый материалдардан жасалган улуттук кийим-кече менен буюмдар көрсөтүлгөн. 

Эл аралык көргөзмө "Мессе" комплексинде 1962-жылдан бери өтүп, дүйнөдөгү абройлуу иш-чаралардын бири болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0