Кыргыз гезиттери. Архив

Беш өрдөк: Бакиевдин китептерин жазган Раев, бажычылардын чөнтөгүн жукарткан Раимбек

(жаңыланган 12:15 24.11.2015)
Кыргызстандагы басылмаларга чыккан айың-кептерди аныктап, жума сайын гезит-журналдарга саресеп салабыз. Айың кептер айылынан арылабыз.

Бажычылардын чөнтөгүнө ким кол салып жатат

"Ачык саясат plus" гезити 20-ноябрда чыккан санында учурда бажы кызматынын башчысынын орун басары Райымбек мырза коомчулукта "Райым миллион" каймана атка ээ болуп жүрөт деп жазып чыкты. "Бул киши аталган тармактын жетекчилик орунуна келгени алкымы мурдагыдан да араандай ачылды дешет. Кесиптештеринин айтымында "Раим миллиондун" капчыгын катардагы бажычылар толтура албай убара тартып жатышкан экен. Анан калса анын көздөгөнү бажы кызматынын башчысы болуу дейт. Президенттин кеңешчиси Икрам мырза аны жакын арада аталган кызматка башчы кылуунун айласын көрүп жүрүптүр", — деп жазат гезит.

Бажы кызматынын маалымат кызматынын жетекчиси Жаманак Мүсүрканов бул кабардын баары чындыкка коошпой турганын Sputnik маалымат агенттигине билдирди.

"Жазылгандын баары карандай калп. Бул Райымбек Матраимовго карата жасалган кара пиар. Буга чейин да бөлөк гезиттердин бири чалып, силердин жетекчиңердин орун басары тууралуу "бомба" маалымат чыгат, сүйлөшөлү деп айтышкан. Мен ага өзүм барып жолуксам, маалыматты чыгарбаш үчүн канча бересиңер деген. Биз алар менен соодалашып отурбай, маалыматты чыгара бергиле деп  жооп айтканбыз. Бул гезиттердин акча жасоого болгон гана аракети деп баалайбыз", — деди Мүсүрканов.

Курманбек Бакиевдин оорусун дагы, сүйүүсүн дагы Раев жазганбы?

"…Бакиев Белоруссияда жатып алып, "Менин оорум, сүйүүм жана үмүтүм Кыргызстан" деген аталышта китеп жазды… Албетте бул китепти Бакиев өзү түн уйкусун бөлүп, тердеп-кургап жазган жок да. Кызыгы, аны ким жазып бергенинде.  Акырын соккон сыдырым желдин илеби Султан Раевди саамайынан сылап турган учуру.  Бакиевдин китебин Султан Раев жазып берген дегендер четтен чыгууда", — деп жазат "Де-Факто" гезити 20-ноябрда чыккан санында.

Мурдагы маданият министри Султан Раев  жазылган маалыматтын кенедей да чындыгы жок экенин Sputnik агенттигине билдирди.

"Бул ушак сөздөр. Таптакыр туура эмес. Мен да ушундай маалыматтар тараганын угуп жатам. Дагы бир жолу айтам, бул жалган маалымат", — деди ал.

Сокулуктуктар Элвира Сурабалдиевага нааразы болуп…

"Сокулук районунда өзгөрүүлөр көп. Мисалы, көп жылдан бери иштеп жаткан райондун борборундагы базар маркум Жыргалбек Сурабалдиев түптөгөн мал базардын аймагына көчүрүлдү. Сыягы, ал базарга жакында КСДП фракциясынан депутат болуп келген кызы Элвира Сурабалдиева ээлик кылат… Бирок базар кан жолдун боюнда. Дем алыш күндөрү машинелердин тыгынын жаратат. Ал эми көчүрүлгөн базардын ордуна эч качан балдар аянтчасы курулбайт. Дагы эле кандайдыр бир соода комплекси болот. Иши кылып бирөөнүн ири бизнесине айланат. Бул ишке базардагы сатуучулар нааразы", — деп жазат "Жаңы агым" гезити 20-ноябрда чыккан санында.

6-чакырылыштагы Жогорку Кеңешке депутат болуп келген Элвира Сурабалдиева базарга эч качан расмий  ээлик кылбаганын Sputnik агенттигине айтат.

"Мен базарга расмий ээ эмесмин. Ошол эле учурда менин туугандарымдын тийиштиги бар экенин танбайм. Эски базардан сатуучулар эмнеге кеткенин баары эле билет. Ал жакта капиталдык оңдоо иштери жүрүш керек болчу.  Себеби 40 жылдай убакыт оңдоодон өткөн эмес, анан калса, бир нече жолу өрт чыккан. Ал оңдоого муктаж болчу. Андыктан базардын жетекчилиги өз каражатына базарды оңдоп жатат", — дейт ал.

Эл өкүлү ошондой эле базардагы сатуучуларды талаага таштабастан башка жактан орун таап берилгенин айтат. Жаңы жерге барган сатуучуларга бутуңарга туруп алгыла деп алардан үч ай акча алынбаганын кошумчалады.

Белгилер:
Райымбек Матраимов, Эльвира Сурабалдиева, Султан Раев
Тема:
Беш өрдөк – айың-кептер айылы (23)
Тема боюнча
Атамбаев: журналисттик калем курч, бирок адилеттүү болгону жакшы
Врач измеряет артериальное давление. Архивное фото

Оору менен кырсыктан камсыздандырылган жарандарга 14 млн. сом төлөндү

Былтыр камсыздандыруу келишимин 37 миңдей киши түзгөн. Алардын миңге жакыны ар кандай окуяга туш болуп каражат алган.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Өткөн жылы оору менен кырсыктан өзүн камсыздандырган кыргызстандыктарга 14,2 миллион сом берилди. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.

2020-жылы бул жаатта ыктыярдуу түрдө 36 724 келишим түзүлгөн. Камсыздандыруунун жалпы суммасы 11,9 миллиард сомду түздү. Ал документ толтурган адам ооруганда же кырсыкка учураганда төлөнмөк. Ал эми камсыздандыруу боюнча баштапкы төлөм катары (камсыздандыруу үчүн каражат) 62,8 миллион сом түшкөн.

Улуттук статистика комитети келишим түзгөндөрдүн 858и ар кандай учурга туш келип, 14,2 миллион сом алганын айтты.

Белгилер:
төлөм, камсыздандыруу, кырсык, оору, Улуттук статистика комитети, Кыргызстан
Тема боюнча
Сооронбаев: коңурук тарткан адам ар кандай оору менен жабыркайт
Покупатели оплачивают покупки в супермаркете. Архивное фото

Соода кылгандан кийин чекти ыргытпагыла! Юристтин маанилүү кеңеши

Юрист чекте адамдын аты-жөнү жана банктык картасынын акыркы сандары калып каларын, аны менен шылуундар акча алууну көздөй турганын айтты.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Соода кылгандан кийин чекти дароо ыргытып же кассага таштап салбаш керек. Аны алдамчылар пайдаланып кетиши мүмкүндүгүн РИА Новости юрист Егор Рединге шилтеме берип жазды.

Эксперттин айтымында, чек аркылуу адамдын аты-жөнүн, соода кылган картанын номеринин акыркы төрт санын билип алууга болот. Андан кийин шылуундар сиздин атыңыздан банкка кат жөнөтүп, акчаңызды уурдоого аракет кылышы мүмкүн.

"Ошондой эле алдамчы бул маалыматты колдонуу менен карта ээсин социалдык тармактардан таап, телефон номерин билип алат", — деп эскерткен Редин.

Алдамчылар дүкөндөн бонус топтойм деп чекти сурашат же акырын уурдап алышат. Андан кийин товарды коргоочу магнитинен ажыратып, көтөрүп кетишет. Кокус күзөтчү токтотуп калса башка эле бирөөнүн чегин көрсөтөт. Эгер товар карта менен төлөнсө шылуундар кайра сата алышат, ал эми акча менен төлөнсө кийимди чак келбей калды деп өткөрүп туруп акчасын алып алышат.

Белгилер:
алдамчылык, шылуун, соода, чек, юрист
Тема боюнча
Эксперт банктык карта ээлеринин эң көп кездешкен катачылыктарын атады