Бишкектин Свердлов районунда сугат системалары тазаланууда

Жазылуу
Арыктарды тазалоо менен бирге муниципалдык мекеме кызматкерлери газонду түшкөн жалбырактардан арылтууда.

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарынын Свердлов районундагы арыктар тазаланганын мэрия билдирди.

Таштанды сорттоочу завод. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте таштанды сорттоочу завод курулат
Маалыматка ылайык, тазалоо иштери Чүй проспектисинин Буденный көчөсүнөн Курманжан датка көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жүргөн. Буга катар муниципалитеттин кызматкерлери түшкөн жалбырактарды жыйнашты.

Мындан тышкары, Шабдан баатыр жана Курманжан датка көчөлөрүнүн батыш тарабындагы ирригациялык системалар да акыр-чикирден тазаланып, газондогу жалбырактар алынды.

Аталган иштерди "Тазалык" муниципалдык ишканасынын жана райондун жергиликтүү аймактык башкармалыгы аткарды.

Жаңылыктар түрмөгү
0