Кышка карата Ала-Арчанын нугу тазаланууда

© пресс-служба мэрии города БишкекБишкектин четиндеги "Ала-Арча" суусунун кооптуу бөлүктөрү тазалоо иштери.
Бишкектин четиндеги Ала-Арча суусунун кооптуу бөлүктөрү тазалоо иштери. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тазалоо иштерин "Зеленстрой" муниципалдык ишканасы жүргүзүп, бир катар техника тартылган.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Кыш мезгилиндеги өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу үчүн Бишкектин четиндеги "Ала-Арча" суусунун кооптуу бөлүктөрү тазаланып жатканын мэрия билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда суунун чыгыш тарабындагы жаш бутактар кыйылып, бир экскаватор менен жүк ташуучу унаа тартылган. Мындан тышкары, суунун нугунан кум-шагыл ташылып чыгууда. 

"Зеленстрой" муниципалдык ишканасы жүргүзүп жаткан тазалоо иштери октябрда башталып, азырка чейин уланып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0