БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Бишкек – Ош жолунда түндө бир нече чакырымга жеткен автотыгын болгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, катуу жааган кардан улам автотыгын саат 18.00дө аталган кан жолдун 221-чакырымынан 225-чакырымына чейин болгон. Карды тазалап, кум, туз себилгенден кийин саат 21.00дө кыймыл калыбына келген.