Алты миллионунчу кыргызстандык жаранга өкмөт өзгөчө көңүл бөлөт

Жазылуу
Азырынча бул өзгөчө окуя кандай иш-чаралар менен коштоло турганы белгисиз.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Жакында жарык көрө турган алты миллионунчу кыргызстандык жаранга өзгөчө көңүл бурула турганын социалдык маселелер боюнча вице-премьер Гүлмира Кудайбердиева билдирди.

"Мааракелик наристенин" 26-ноябрда төрөлүшү күтүлүп жатат. 

Вице-премьер Кыргызстандын калкын алты миллионго жеткире турган наристенин төрөлүшү мамлекет үчүн чоң мааниге ээ экенин белгиледи.

"Алты миллионунчу кыргызстандыктын жарык дүйнөгө келиши кубанычтуу окуя гана эмес, ата-эне да, мамлекет да аркалай турган чоң жоопкерчилик. Бул жарандардын жашоо деңгээлин жогорулатуу боюнча мамлекеттик маанилүү маселелерди чечүүнү жолдорун да издөөгө өбөлгө болот", — деди Кудайбердиева.

Анын айтымында, күтүлүп жаткан наристеге мамлекет өзгөчө көңүл бөлөт. Бирок азырынча кандай чаралар көрүлөрү белгисиз. 

"Даярдык эчак эле башталган. Өкмөт бул боюнча жумушчу комиссия түзүп, ал маанилүү окуяга арналган иш-чаралардын планын иштеп чыгууда. Бүгүнкү күндө 25-26-ноябрь күндөрү көз жара турган аялдардын тизмеси түзүлдү", — деди атка минер.

Кудайбердиева балдар менен өспүрүмдөрдүн саны көбөйгөнүнө байланыштуу өкмөт мамлекеттик программаларды ишке киргизүү үчүн аракет көрө турганын баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0