Чатыр. Архив

Ошто жер титирөөдөн жапа чеккендерге Кыргызстан түп көтөрүлө жардам берип жатат

44
(жаңыланган 14:27 25.11.2015)
Жүктү өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери коштоп, жолдон Талас жана Жалал-Абад облустарынан берилүүчү гуманитардык жардам кошулмакчы.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Оштун жер титирөөдөн жапа чеккен аймактарына республиканын Нарын, Ысык-Көл жана Чүй облустарынан гуманитардык жардам жөнөтүлгөнүн өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, зилзаладан жабыркаган элге жылуу кийим-кече, жууркан-төшөк, курулуш материалдары жөнөтүлгөн. 

Биринчи вице-премьер Аалы Карашевдин айтымында, жардам алгач турак-жайлары тез арада ремонттоого муктаж 441 үй-бүлөгө көрсөтүлүп, андан кийин калктын аялуу катмарына калган гуманитардык жардам бөлүштүрүлмөкчү. 

Жүктү өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери коштоп, жолдон Талас жана Жалал-Абад облустарынан берилүүчү гуманитардык жардам кошулары маалым болду.

44
Белгилер:
жер титирөө, жардам, Чүй облусу, Ысык-Көл, Ош, Нарын
Тема:
Кыргызстандын түштүгүндө болгон жер титирөө (52)
Тема боюнча
Жер титирөөдөн жапа чеккендер үчүн азырынча 1 млн сом чогулду
Ош облусунда жер титирөөнүн келтирген чыгымдарын эсептөө уланууда