Зилзаладан жабыркагандар үчүн курулган мобилдүү турак жайлар.

Зилзаладан жабыркагандар үчүн 6 мобилдүү турак-жай даяр болду

69
(жаңыланган 14:49 25.11.2015)
Учурда ӨКМ түндүк жана түштүк борборлорунда чоңдугу 20 жана 40 фут контейнерлерди турак-жайга ылайыкташтыруу иштери жигердүү жүрүп жатат.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Ошто жер титирөөдөн жапа чеккен жергиликтүү тургундарга арналган контейнерлер мобилдүү турак жайга ылайыкташтырылып жылууланып, электр жарыгы орнотулуп жатат. 

Маалыматка ылайык, өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Давлетбек Алимбеков Ош шаарында жайгашкан ӨКМ түштүк борборунда контейнерлерди мобилдүү турак-жайга ыңгайлаштыруунун жүрүшү менен таанышып чыкты.

  • Давлетбек Алимбеков Ош шаарында жайгашкан ӨКМ түштүк борборунда контейнерлерди мобилдүү турак жайга ыңгайлаштыруунун жүрүшү менен таанышып чыкты
    Давлетбек Алимбеков Ош шаарында жайгашкан ӨКМ түштүк борборунда контейнерлерди мобилдүү турак жайга ыңгайлаштыруунун жүрүшү менен таанышып чыкты
    пресс-служба МЧС КР
  • Учурда аталган борбордо алты мобилдүү үй даяр болгон
    Учурда аталган борбордо алты мобилдүү үй даяр болгон
    пресс-служба МЧС КР
  • Алимбеков түндүк борбордо 15 курулуш бригадасы иштеп жатканын, күнүнө 14-15 үй жасоого мүмкүнчүлүк бар экенин белгиледи.
    Алимбеков түндүк борбордо 15 курулуш бригадасы иштеп жатканын, күнүнө 14-15 үй жасоого мүмкүнчүлүк бар экенин белгиледи.
    пресс-служба МЧС КР
1 / 3
пресс-служба МЧС КР
Давлетбек Алимбеков Ош шаарында жайгашкан ӨКМ түштүк борборунда контейнерлерди мобилдүү турак жайга ыңгайлаштыруунун жүрүшү менен таанышып чыкты

Учурда аталган борбордо алты мобилдүү үй даяр болгон. Алимбеков түндүк борбордо 15 курулуш бригадасы иштеп жатканын, күнүнө 14-15 үй жасоого мүмкүнчүлүк бар экенин белгиледи.

Үстүбүздөгү жылдын 17-18-ноябрь күндөрү болгон 7 баллдык жер титирөөдөн Оштун Кара-Суу жана Алай райондорунда жүздөгөн үйлөр жараксыз абалга келип, адамдар эшикте калышкан. Убактылуу баш пааналоо үчүн Транспорт жана коммуникация министрлиги жана бир катар компаниялар тарабынан берилген  чоңдугу 20 жана 40 фунт контейнерлерди мобилдүү турак жайларга ыңгайлаштыруу каралган.

Зилзаладан жабыркагандарга Кыргызстандык чар тарабынан гуманитардык жардамдар жөнөтүлүп, мекеме, ишканалар акча которушууда.

69
Белгилер:
контейнер, үй, жер титирөө, турак-жай, Ош
Тема:
Кыргызстандын түштүгүндө болгон жер титирөө (52)
Тема боюнча
Ошто жер титирөөдөн жапа чеккендерге Кыргызстан түп көтөрүлө жардам берип жатат
Жер титирөөдөн жапа чеккендер мобилдүү үй менен камсыз боло башташты