КР менен РФ укук коргоо органдары баңгизатка каршы күрөштү күчөтүүгө макулдашты

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүКинологдор. Архив
Кинологдор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыл сайын Россияда 35 тоннага жакын түрдүү баңгизаттын жолу буулары белгилүү болду.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Баңгизат жаш-карыга карабаган, улутка бөлбөгөн жалпы адамзаттын душманы экенин ички иштер министринин орун басары Калыбек Сатыбалдиев россиялык кесиптештери менен жолугушуу учурунда белгиледи.

Кутуга салынган 8 килограмм баңги зат алынды
Маалыматка ылайык, бүгүн, 25-ноябрь күнү ИИМ Борбордук аппаратында Кыргызстан менен Россия ИИМнин баңгизатка каршы бөлүм өкүлдөрүнүн жолугушуусу өттү. 

Сатыбалдиев баңгизатка каршы күрөштө биргелешкен аракет зарыл экенин айтты.

Өз кезегинде Россиянын өкүлү Сергей Савочкин РФ Европа мамлекеттерине карай баңгизат өтүүчү транзиттик аймак экенин белгиледи.

"Тогуз айда Россияда 1,4 миң тонна героин жана 1,1 миң тонна кокаин алынган. Жыл сайын 35 тонна түрд баңгизат табылат", — деди ал. 

Жолугушууда баңгизатка каршы мамлекеттердин бирге күрөшүү аракеттерин талкууланып, бул жаатта жигердүү эмгектенип келген эки өлкөнүн бир катар кызматкерлери сыйланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0