Депутаттарды шайлоого чачкандай акчаны зилзаладан жабыркаган элге жумшоого чакырышты

© Фото / Бексултан Эрмамат уулуЖер титирөөдө жабыркаган үй. Архив
Жер титирөөдө жабыркаган үй. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
17-ноябрдан 18-ноябрга караган түнү Ош облусунда жети баллдын жер титиреп, ири чыгымдарды алып келген. Анын кесепетинен жүздөгөн үйлөр жараксыз абалда калган болчу.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Жер титирөөдөн жабыркаган аймактарга маалында жардам берип, керек болсо, аткаминерлер өз каражаттарынан бөлүшү керектигин Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтыкбек Конушбаев Sputnik агенттигине билдирди.

Анын айтымында, учурда жер титирөөдөн жабыркаган аймактын тургундары колдоого өтө муктаж. Алар үчүн жардамга да шайлоого короткондой эле каражат бөлүү керек дейт эл өкүлү.

"Азыр кыш келип калды. Чынында бир бутубуз карда турат. Көп кишилер жардамга муктаж. Шайлоодо деле канчалаган акча кетти. Ошондой эле акча бөлүп жардам бериш керек. Башкалар да өз каражатынан жардам берсе экен деп демилгени көтөрүп, 200 миң сом котордум", — дейт ал.

Бишкек шаарынын мэриясынын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкек мэриясы жер титирөөдөн жабыркагандарга 3 млн. сом чогултту
Эл өкүлү ошондой эле, Жогорку Кеңештин депутаттары да бир күндүк айлыгы деп 300 миң сомдой каражатты жабыр тарткандарга которгонун айтты. Орто эсеп менен депутаттардын бир күндүк айлыгы 2000-2500 миң сомдой экенин ал кошумчалады.

Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева жер титирөөдөн жабыркагандарга ар бир киши өз мүмкүнчүлүгүнө жараша жардам берүүсү керектигин айтып, "сен мынча бересиң" деген мажбурлоо болбош керек деген пикирде.

"Ар бир жаран колунан келишинче кол кабыш кылышы керек. Колунда бар адамдар да мүмкүнчүлүгүнө жараша жардам берсе жакшы болот. Ушундай кыйын учурда жардам бербегенде качан жардам беребиз", — дейт эл өкүлү.

Сурабалдиева да жер титирөөдөн жабыркагандарга 100 миң сом каражат бөлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0