Жети миллионунчу кыргызстандык Жердин сегиз миллиардынчы жашоочусу болушу мүмкүн

Жазылуу
БУУнун маалыматы боюнча, планетанын мааракелик тургуну 2025-жылдын жай айында жарыкка келет.

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын кийинки мааракелик жараны Жер планетасынын жашоочуларын сегиз миллиардга жеткириши мүмкүн.

КР Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, өлкө калкынын саны 2012-жылдан баштап өсө баштаган — кыргызстандыктар 74,3 миң адамга көбөйгөн.

Алты миллионунчу Айлин үйдө алтынчы бөбөк болуп төрөлдү
1991-жылы калктын саны 67,3 миң адамга жогорулаганы белгилүү болгон, ал эми 1995-жылы болгону 19,9 миң кыргызстандыкка көбөйүп, эгемендик тарыхындагы эң төмөнкү көрсөткүч катары катталган.

2015-жылы кыргызстандыктардын саны былтыркыга караганда 118 миң адамга көбөйгөн. Мында эгер былтыр 2013-жылга караганда жашоочулар 113 миңге көп катталса, демек өсүү динамикасы беш миң адамдын тегерегинде болгон. 

Ар кыл факторлорду эске алып, өсүүнүн динамикасы орточо эсеп менен 3 миң киши деп эсептелсе, жети миллионунчу кыргызстандык он жылдан кийин — 2025-жылы төрөлүшү мүмкүн.

Мындай божомол премьер-министр Темир Сариевдин сөзү менен да бышыкталууда. Буга чейин өкмөт башчы статистикалык комитеттин маалыматына таянуу менен Кыргызстандын калкы жыл сайын орточо эсеп менен 120 миң адамга көбөйгөнүн айткан.

"Демек жети миллионунчу кыргызстандык болжол менен 7-8 жылдан кийин жарыкка келет", — деди Сариев.

Учурда Жер жашоочуларынын саны 7,3 миллиард адамды түзөт.

Ала-Тоо аянтындагы концерт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Алты миллионунчу жарандын урматына Бишкекте майрамдык концерт болот
БУУнун маалыматы боюнча, 1820-жылы Жерде болгону бир миллиард адам жашап келген. 20-кылымда бул сан туптуура эки эсеге көбөйүп, 1927-жылы эки миллиардынчы ымыркай жарыкка келген. 1960-жылы планетада үч миллиард жашоочу болсо, 1974-жылы калктын саны төрт, ал эми 1987-жылы беш миллиардга жеткен. 

1999-жылдын октябрь айында алты миллиардынчы жаран төрөлсө, 2011-жылы жашоочулардын саны жети миллиард болгон.

БУУ калктын санынын өсүүсү кескин өзгөрүүлөргө учурабаса, сегиз миллиардынчы жашоочу 2025-жылдын 15-июнунда төрөлөрүн божомолдоодо.

Башкача айтканда, планетанын сегиз миллиардынчы жашоочусу жети миллионунчу кыргызстандык болуп калышы толук ыктымал.

Жаңылыктар түрмөгү
0