Зилзаладан үйлөрү жабыркагандар үчүн тигилген чатыр. Архив

Зилзаладан жабыркагандар үчүн 8 млн сом жана 50 миң доллар чогулду

73
(жаңыланган 12:19 27.11.2015)
Учурда жардам берүү ниетин билдиргендер күндөн күнгө арбып жатканы айтылууда. Ошко Кыргызстандын чар тарабынан гуманитардык жардамдар жөнөтүлүүдө.

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Ошто табигый кырсыктан жабыркагандар үчүн ачылган атайын эсепке саат 18.00гө карата 8 миллион 24 миң сом жана 50 миң 360 доллар түшкөнүн ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, 17-18-ноябрь күнү Кара-Суу жана Алай районундагы 7 баллдык жер титирөөдөн улам жүздөгөн үйлөр жараксыз болуп, айрым турак жайлардан жарака кеткен. 

Мындан улам өкмөт башчы Темир Сариев атайын эсеп ачууну тапшырган. Учурда жардам берүү ниетин билдиргендер күндөн күнгө арбып жатканы айтылууда. Кыргызстандын чар тарабынан гуманитардык жардамдар жөнөтүлүүдө. 

Атайын эсепке акча каражатын которуу үчүн Алмаз Эргешов менен 0 (770) 02-20-22, 0(312) 54-79-01 (Бишкек), 0 (3222) 2-22-39 (Ош) телефондору боюнча байланышса болот.

Гуманитардык жана товар-материалдык жардам көрсөтүү үчүн Арсланбек Айдаров менен 0 (772) 00-69-82, 0 (312) 29-11-51 (Бишкек), 0(3222) 7-24-70 (Ош) телефондору аркылуу байланышууга болот.

73
Белгилер:
эсеп, жер титирөө, жардам, ӨКМ, Ош
Тема:
Кыргызстандын түштүгүндө болгон жер титирөө (52)
Тема боюнча
Жер титирөө болгон аймакта сабактар кадимкидей өтүп жатат
Депутаттарды шайлоого чачкандай акчаны зилзаладан жабыркаган элге жумшоого чакырышты