Спикер Жээнбеков Нарышкинди Кыргызстанга чакырды

© пресс-служба ЖК КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Асылбек Жээнбеков менен РФтин Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Сергей Нарышкин. Архив
Жогорку Кеңешинин төрагасы Асылбек Жээнбеков менен РФтин Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Сергей Нарышкин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нарышкин расмий сапардын алкагында Кыргызстандын ЕАЭБге мүчөлүгү жана келечеги боюнча эл аралык форумду Бишкек шаарында өткөрүүнү сунуштады.

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңешинин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн Санкт-Петербург шаарында РФтин Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Сергей Нарышкин менен жолукту. 

Жээнбеков Мамдума төрагасы Нарышкинди ыңгайлуу мезгилде расмий сапар менен Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды. Жолугушууда мамлекеттер жана парламенттер аралык кызматташуунун тегерегинде актуалдуу маселелер талкууга алынды.

Санкт-Петербург шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЖКнын депутаттары чет өлкөгө сапарын Санкт-Петербургдан баштайт
КР парламентарийлеринен турган делегация Петербург шаарында Жааматтык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясынын (ЖККУ ПА) кезектеги VIII пленардык жыйынына катышуу үчүн келген. 

Баарлашууда Мамдуманын төрагасы Нарышкин 4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо атаандаштык негизде таза өткөндүгүн, бул жаатта кыргыз бийлиги чоң секирик жасаганын белгиледи. Ал Жээнбековдун ЖК спикерлигине кайрадан шайланышы менен куттуктады. 

Жээнбеков 31-октябрда россиялык учактын Египетте авиакырсыкка учурап, 224 адамдын өмүрүн алган трагедияга байланыштуу Нарышкинге көңүл айтты. Ал Кыргызстан терроризмге каршы аеосуз күрөштү колдой турганын, бул жаатта эл аралык коомчулуктун биргелешкен аракетинин зарылдыгын айтты.

Жээнбеков эки өлкөнүн кызыкчылыктарына бирдей жооп берүүчү кыргыз-орус кызматташуусунун деңгээлин жогору баалап, кыргыз-орус биргелешкен Өнүктүрүү фондунун маанилүү экендигине токтолду. 

"Өнүктүрүү фонду ириде Кыргызстандын экономикасын көтөрүүгө багытталган долбоорлорду каржылай турганы маалым. Экономиканын өнүгүшүнө аталган фонддун таасири чоң", — деди Жээнбеков.

Спикердин чакыруусун кабыл алган Нарышкин, расмий сапардын алкагында Кыргызстандын ЕАЭБге мүчөлүгү жана келечеги боюнча эл аралык форумду Бишкек шаарында уюштурууну сунуштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0