Бычакталган теолог Маликовдун абалы жакшы, түштөн кийин палатага которулат

Жазылуу
ИИМ кылмышка шектүүлөр аныкталып, аларды кармоо аракеттери жүрүп жаткандыгын билдирди.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Белгисиз кишилер бычактап кетип, ооруканага түшкөн теолог Кадыр Маликовду абалы жакшы. Аны түштөн кийин палатага которушат. Бул туурасында Sputnik маалымат агенттигине анын эжеси Бермет Маликова билдирди. 

"Эртең менен ооруканага барып келдик. Операциядан кийин  азыр реанимацияда кармап турушат. Дарыгерлер палатага түштөн кийин котормой болушту. Сүйлөп жатат. Кудайга шүгүр", — деди Маликова.

Белгилүү теолог Кадыр Маликов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бычакталган Кадыр Маликов реанимацияда, ага шашылыш операция жасалат
Кечээ, 26-ноябрда Октябрь РИИБине кечки саат 19: 00дөн кийин "Асанбай" кичи районундагы "Народный" дүкөнүнүн жанынан белгисиз эки киши теолог Кадыр Маликовду бет тушка сайып кеткени боюнча маалымат түшкөн. Кол салгандар окуя болгон жерден из жашырып кетишкен. Жаракат алган Маликов шаардык №4 ооруканага жеткирилип, операция жасалды. 

ИИМ кылмышка шектүүлөр аныкталып, аларды кармоо аракеттери жүрүп жаткандыгын билдирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0