Чөнтөккө 16 млн. сомду салып койгон эсепчилердин иши сотко өттү

Жазылуу
Бишкектеги перинаталдык борбордун бухгалтерлери тымызын сүйлөшүүдөн кийин беш жыл бою документтерди жасалмалап, бул убакыттын аралыгында 16 миллион сом жеп алышкан.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарындагы перинаталдык борбордун мурунку башкы бухгалтери менен материалдык бухгалтерине карата "Алдамчылык" жана "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелеринин негизинде козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко жөнөтүлгөнүн Башкы прокуратура билдирди.

Акча валютасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
УКМК: сот департаментинин Ош башкармалыгы 5 млн. сомду өзүнө ыйгарып алган
Маалыматка ылайык, аталган борбордун эсепчилери жең ичинен сүйлөшүп, 16 миллион сомдон ашуун каражатты өздөрүнө ыйгарып алган. Мындай мыйзамсыз аракет 2010-жылдан тартып беш жылдын аралыгында жасалма документтердин негизинде жүргүзүлүп келген.

Тергөө учурунда мамлекетке 8,5 миллион сом акча кайтарылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0