Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев. Архив

Аскар Акаев Филиппинде абройлуу Гузи сыйлыгына ээ болду

(жаңыланган 18:59 28.11.2015)
Бүгүнкү күндө Гузи абройлуулугу жагынан Нобель жана Пулитцер сыйлыктары менен бир катарда турат. Ал 2002-жылдан бери эмгеги сиңген ишмерлерге ыйгарылып келет.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаевге дүйнөнүн Гузи сыйлыгы ыйгарылганын аталган премиянын расмий сайты жарыялады.

Маалыматка ылайык, Гузи Нобель сыйлыгынын азиялык аналогу болуп саналат. Сыйлык тапшыруу аземи Филиппиндин борбору Манила шаарында өттү.

Быйыл аталган сыйлык тынчтыкты орнотуп, адам укугун сактоого салым кошкон жана илим менен искусствого эмгек сиңирген ар өлкөнүн 18 өкүлүнө ыйгарылды.

Аскар Акаевге Гузи дүйнөлүк динамиканын өнүгүшүн божомолдоо жана моделдештирүү методологиясына кошкон салымы үчүн берилди. Акаевден тышкары, бул жогорку сыйлыкка Португалия менен Белоруссиянын мурунку президенттери татыды.

Бүгүнкү күндө Гузи абройлуулугу жагынан Нобель жана Пулитцер сыйлыктары менен бир катарда турат. Ал 2002-жылдан бери эмгеги сиңген ишмерлерге ыйгарылып келет.

Белгилер:
Нобелб сыйлыгы, Гузи сыйлыгы, сыйлык, Аскар Акаев
Тема боюнча
Аскар Акаевдин президенттик учуру. 27.10.1990 – 05.04.2005
Акаев: туулган жериме кайтып келип, сөөгүм мекениме коюлса дейм

Канатын жайып бийлегени кызык болду. Нарында төө куш баккан Турдукуловдун маеги

(жаңыланган 20:20 20.04.2021)
Нарын облусундагы Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылынын тургуну Тынчтыкбек Турдукулов канаттуулар чарбасын жайылтуу максатында төө куш, жапайы кыргоол жана бөдөнө өстүрүүнү колго алган.

Тоолуу Нарын жергесине жаңылык киргизип жаткан 38 жаштагы фермер менен аймактык кабарчы маек курду.

— Нарынга төө куш алып келүү идеясы кайдан келди? Дегеним, аймактын шарты оорураак эмеспи.

— Канаттуулардын түрүн багууга мурда эле кызыгып жүрчүмүн. Төө куш боюнча интернеттен карасам, көбүнчө оштук туугандар багат экен. Алар менен сүйлөшүп, эки айлык эки төө куштун ар бирин 20 миң сомдон сатып алдым. Россиянын деле суук жерлеринде багып жатышпайбы. Андыктан Нарындын суугуна деле чыдаса керек деген ой келди. Төө куш жылына 80ге жакын жумуртка берет экен. Эми биздин климаттык шартта 40-50 жумуртка берсе деле жаман эмес. Төө кушту багууга ден соолук дагы түрткү болду. Бул куштун эти кант диабетине жакшы.

— Көбөйтүү жолу кандай болот?

— Жапайы төө куштар жумурткасын басып балапан чыгарат экен. Ал эми булар баспайт дейт. Андыктан инкубаторго салып көбөйтсөк, жумурткаларын арзан баада элге жайылтсак деген ойлор бар. Негизи 1 жашка чыккандан баштап жумуртка тууй баштайт. Азыр булар үч айлык балапандар. Бир жаштагы төө куш 100 килограммга чейин эт берет экен.

— Тоют жагы кандай болуп жатат? Кыйынчылык жаралган жокпу?

— Булар өтө деле өзгөчө тоютту талап кылбайт. Негизги тамактары арпа, буудай, жүгөрү, беде жана эспарцет. Аларды тегирменден өткөрүп, майдалап, аралаштырып үч ирет берем. Экөө күнүнө бир маал 8 литр суу ичет. Булар чоң болгону менен топуктуу келишет экен. Бир тоё жеп алса жүрө беришет. Эң башкысы — кенен жерге коё бериш керек.

— Кыял-жоруктары кандай болот экен?

— Азыр балапан болгондуктан кыял-жоругун деле байкай элекпиз. Бирок чоочун адамдарды көрсө тынчы кетип, чочуркайт. Сөйкө, көз айнек, топчу сыяктуу көзгө көрүнгөн жылтырак нерселерди көрсө чокулап кирет. Экөө бири-биринен ажырабайт. Бири барып жатып алса, экинчиси анын жанынан жылбай жата берет. Дагы бир кызыгы — эртең менен кепеден чыгарганда канаттарын жайып алып ары-бери чуркап бийлешет.

— Төө куштан тышкары бөдөнө, кыргоолдоруңуз дагы бар экен.

— Ооба, учурда бөдөнөнүн үч түрүнөн 130ду багып жатам. Буюрса, миңге жеткирсем деген тилегим бар. Бөдөнөнүн жумурткасы көп ооруга дары экен. Айылда жумурткаларын атайын буюртма менен шаардан алдыртып ичкендер көп. Андыктан бул чарбачылыкты да өнүктүрүүнү туура көрдүм. Ошондой эле эки жапайы кыргоол алып келгем. Кийин бири өлүп калды. Азыр жумурткасына буюртма бергем, келип калса инкубаторго салып чыгарып алабыз.

— Буларга кандай кам көрөсүз? Өзгөчө көңүл бурууну талап кылбайбы?

— Бөдөнөнүн жемин атайын Бишкектен алдырып, ага арпа-буудай аралаштырып берем. Бөдөнө сууну көп талап кылат экен. Суудан кем кылбаш керек. Калбай калса эле чурулдап бирин-бири чокулап башташат.

— Канаттуулардын дагы башка түрлөрүн алып келүү планыңыз барбы?

— Адам шартка, климатка шылтабай аракет кыла бериши керек. Буюрса, мындан тышкары, павлин, кекиликтин жумурткасын алдырайын деп жатам. Алар келсе инкубатордук жол менен көбөйтүп, түрдүү куштарды баксам дейм. Зоопарк уюштурсам, кызыктуу канаттууларды жакындан таанып-билүү кичинекей балдар үчүн эле эмес чоңдор үчүн дагы кызык болсо керек.

Белгилер:
канаттуулар, кыргоол, бөдөнө, чарбачылык, мал, куш, төө, Ак-Талаа району, Нарын облусу
Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров. 24 марта 2021 года

Президент Садыр Жапаров Мария Айтматованын жакындарына көңүл айтты

(жаңыланган 20:07 20.04.2021)
Маркум быйыл июль айында 79 жашка чыкмак. Айрым маалыматтарга караганда, Мария Айтматова ооруканада көз жумган.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жубайы Мария Айтматова дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу мамлекет башчы Садыр Жапаров маркумдун жакындарына көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

"Мария Айтматованын дүйнөдөн кайткандыгы жөнүндө суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Бул — анын үй-бүлөсү жана туугандары үчүн гана эмес, баарыбыз үчүн чоң жоготуу. Мария Айтматова биздин эсибизде камкор эне, үй-бүлө очогунун сактоочусу, ошондой эле Кыргызстанды бүткүл дүйнөгө даңазалаган улуу жазуучунун жашоосундагы сүйүктүү жары жана ишенимдүү жубайы катары түбөлүккө калат. Айтматовдордун үй-бүлөсүнө, жакындарына жана туугандарына дагы бир жолу терең кайгыруу менен көңүл айтам", — деди Жапаров.

Маркум быйыл июль айында 79 жашка чыкмак. Айрым маалыматтарга караганда, Мария Айтматова ооруканада көз жумган.