Милициянын ар-намысына доо кетирчү жалган маалыматтарга бөгөт коюлат

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүМилиция кызматкерлери. Архив
Милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чарага укук коргоо органдарынын, Жол кайгуул кызматынын өкүлдөрү, бейөкмөт уюмдар жана окутуучулардын катышары күтүлүүдө.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Ички иштер министрлигинин академиясында милиция кызматкерлеринин ар-намысына доо кетирүүчү жалган маалыматтардан коргоого арналган тегерек стол өтө турганын аталган мекеме билдирди.

Жол кайгуул кызматынын инспекторлору үн жана видео жазуучу жабдууларды тагынат
Маалыматка ылайык, иш-чара эртең, 30-ноябрда өтөт. Ага укук коргоо органдарынын, Жол кайгуул кызматынын өкүлдөрү, бейөкмөт уюмдар жана окутуучулар катышат.

Уюштуруучулар тегерек стол милиция кызматкеринин ар-намысына шек келтирген жалган маалыматтардын жайылышына бөгөт коюу, сунуштардын негизинде анын жол-жобосун иштеп чыгуу маселелери каралмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0