Премьер-министр Темир Сариев Айлиндин атасы менен.

Сариев алты миллионунчу Айлиндин ата-энесине үйдүн ачкычын тапшырды

145
(жаңыланган 09:44 30.11.2015)
Өкмөт башчы Айлинге жана анын үй-бүлөсүнө аманчылык, жакшылыктарды каалады.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев Ош шаарында Кыргызстандын алты миллионунчу жараны Айлиндин ата-энесине квартиранын ачкычын тапшырды. Бул туурасында Sputnik маалымат агенттигине премьердин маалымат катчысы Бакыт Асанов билдирди. 

  • Темир Сариев Ош шаарында Кыргызстандын алты миллионунчу жараны Айлиндин ата-энесине квартиранын ачкычын тапшырды
    Темир Сариев Ош шаарында Кыргызстандын алты миллионунчу жараны Айлиндин ата-энесине квартиранын ачкычын тапшырды
    Айша Камилова
  • Алты миллионунчу кыргызстандык жаран 26-ноябрда Ош шаарындагы төрөт үйлөрүнүн биринде жарыкка келген
    Алты миллионунчу кыргызстандык жаран 26-ноябрда Ош шаарындагы төрөт үйлөрүнүн биринде жарыкка келген
    Айша Камилова
  • Бөбөккө ата-энеси Айлин ысымын ыйгарган
    Бөбөккө ата-энеси Айлин ысымын ыйгарган
    Айша Камилова
  • Сариев Алмазбек Кожошевдердин үй-бүлөсүнө төрт бөлмөлүү квартиранын ачкычын тапшырып жатып, бөбөккө чың ден соолук, узун өмүр каалады
    Сариев Алмазбек Кожошевдердин үй-бүлөсүнө төрт бөлмөлүү квартиранын ачкычын тапшырып жатып, бөбөккө чың ден соолук, узун өмүр каалады
    Айша Камилова
  • Ыйгарылган батир жайгашкан көп кабаттуу үй.
    Ыйгарылган батир жайгашкан көп кабаттуу үй.
    Айша Камилова
1 / 5
Айша Камилова
Темир Сариев Ош шаарында Кыргызстандын алты миллионунчу жараны Айлиндин ата-энесине квартиранын ачкычын тапшырды

Сариев Алмазбек Кожошевдердин үй-бүлөсүнө төрт бөлмөлүү квартиранын ачкычын тапшырып жатып, бөбөккө чың ден соолук, узун өмүр каалады. 

Алты миллионунчу кыргызстандык жаран 26-ноябрда Ош шаарындагы төрөт үйлөрүнүн биринде жарыкка келген. Бөбөккө ата-энеси Айлин ысымын ыйгарган.

145
Белгилер:
квартира, ачкыч, Айлин, Темир Сариев
Тема:
Кыргызстандын алты миллионунчу жараны (21)
Тема боюнча
Алты миллионунчу жаран төрөт үйүнөн чыкты
Алты миллионунчу жарандын ата-энесине жаңы үйгө сертификат тапшырылды
Бишкектеги Чыңгыз Айтматов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөр. Архивдик сүрөт

Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

131
(жаңыланган 21:04 20.06.2021)
21-июнга караган түнү республиканын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Баткен, Талас облустарында жана өлкөнүн дыйканчылык аймактарында күн ачык болот.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Дүйшөмбүдө тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Өрөөндөрдө жана дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +26...+31, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +28...+33, Талас жергесинде +31...+36, Ысык-Көлдө +19...+24, Нарын аймагында +18...+23 градус болору айтылды.

Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +29...+31, Ош калаасында +33...+35, ал эми Чолпон-Ата шаарында +20…+22 градуска чейин жетет.

131
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан, июнь
Тема боюнча
Маал-маалы менен өткүн өтүп турат. Бир жумага карата аба ырайы

Тактаны чачырата тепти. Асман менен баскан балдардын кызыктуу видеосу

127
(жаңыланган 20:29 20.06.2021)
АКШ менен Түштүк Кореянын тхэквондочуларынан куралган топ популярдуу болгон America"s Got Talent сынагынын көрүүчүлөрү менен калыстарын абдан таасирлентти.

Алардын суктанткан номери YouTube каналга жүктөлгөн. 

Аталган балдар-кыздар Олимпиадага чакырылып, бирок коронавирустун айынан болгон өзгөрүүлөрдөн улам ага катыша албай калганы айтылган. Дүйнөлүк деңгээлдеги иш-чарага катыша албай калган спортчулар азыркы сынакка катышып көрүүнү чечкен.

"Бизди Олимпиадага чакырышкан, бирок пандемиядан улам оюнду өткөрүү мөөнөтү жылып кетип, ага катышууга мүмкүнчүлүк болбой калды", — деген топтун лидери.

Эки өлкөнүн таланттуу, шамдагай спортчуларынын бул шоу-номери көргөн адамды кайдыгер калтырбайт. Алардын бир нече метр бийиктикке секирип баратып, жолунан кездешкен такталарды бир нече бөлүккө чачырата тепкенин көрүүгө болот.

Андан сырткары балдар-кыздар кызыктуу бийлерди, акробаттык чеберчиликтерин көрсөткөн.

Спортчулардын талантына таасирленген калыстар тобунун мүчөсү, теле алып баруучу Терри Крюс дароо эле финалга жолдомо берген алтын баскычты басып, залды да, тхэквондочуларды да бактылуу кылган.

America's Got Talent — теледолбоору ар кыл таланттарды өзүнө чакырган кызыктуу шоу. Анын байге фонду миллион доллар.

127
Тема боюнча
Укмуш номер болуптур! Атайдын бий тобу Кытайдагы сынакта финалга чыкты. Видео