Тажиктерди Сирияга азгырган деп шектелген кыргызстандыктар мекенине кайтарылды

© flickr.com / Chris PriceДушанбе шаары. Архив
Душанбе шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баткен облусунун тургундары Тажикстандан кармалган. Алар сентябрь айында аталган мамлекеттин жарандарын Сирияга кетүүгө азгырган деп шектелүүдө.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Жахонгир Курмишев менен Каныбек Мийманов аттуу эки кыргызстандык жаран Тажикстандан Кыргызстанга кайтарылганын Башкы прокуратура билдирди.

Мындай аракет кызматташуу боюнча макулдашуунун алкагында эки өлкөнүн прокуратураларынын биргелешкен аракетинин натыйжасында жетишилди. Учурда Кыргызстандын Башкы прокурору Индира Жолдубаева Душанбе шаарында иш сапары менен жүрөт.

Кыргызстандыктар тажик аялдар менен балдарды Сирияга үндөгөн деп шектелүүдө
Баткен облусунун эки тургуну аялдарды балдары менен Сирияга кетүүгө азгырууга шектелип, тажик ИИМи тарабынан кармалган.

Буга чейин алардын 25-сентябрь күнү мамлекттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүп, Дахан айылынан Дилафруз Шербекованы кызы менен, Олмахон Шербекованы эки баласы менен жана бир уулу менен Кумри Муминова аттуу Тажикстандын жарандарын тосуп алышканы маалымдалган.

Коңшу өлкөнүн милициясы кармалган жарандар аялдарды, балдары менен алгач Бишкекке алып келип, жасалма документ менен Түркияга, андан ары Сирияга жиберүүгө ниеттенгенин билдирген.

Учурда аларга карата Тажикстандын кылмыш жаза кодексинин "Кылмышка даярдык же ага аракет кылуу" жана "Жалданмачылык" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0