Декабрдан тарта Кыргызстанда алгачкы спорт телеканалы иштейт баштайт

© Sputnik / Табылды КадырбековТелевизордун пультун кармаган адам. Архив
Телевизордун пультун кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Берүүлөр бардык кабелдик каналдар үчүн жана санарип форматта Кыргызстандын бүткүл аймактарында жеткиликтүү болот.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 15-декабрында алгачкы спорт телеканалы өз ишин баштай турганын Facebook түйүнүндөгү баракчасында Коомдук телерадиокорпорациянын башкы директору Илим Карыпбеков билдирди.

"КТРК Спорт" телеканалы эртең мененки саат 10.00дөн баштап бардык кабелдик каналдар үчүн жана санарип форматта өлкөнүн бардык аймагында жеткиликтүү болот.

"Учурда каналдын ачылышына даярдык көрүлүп жатат", — дейт Карыпбеков.

Буга чейин телеканал ички жана дүйнөлүк спорт окуяларын, продакшн-студиялардын социалдык роликтерин, спорт менен ден соолук маселелери боюнча иш алып барган мамлекеттик органдардын берүүлөрүн, спорттук федерация менен клубдарды чагылдырмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0