Атамбаев: Рязановдун тасмалары бир нече муунду тарбиялады

© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүүБелгилүү кинорежиссер Эльдар Рязанов менен актерлор Андрей Мягков жана Олег Басилашвили. Архив
Белгилүү кинорежиссер Эльдар Рязанов менен актерлор Андрей Мягков жана Олег Басилашвили. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын президенти кинорежиссердун үй-бүлөсүнө көңүл айтты.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Россиянын башчысы Владимир Путинге белгилүү кинорежиссер Эльдар Рязановдун өлүмүнө байланыштуу көңүл айтканын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Рязанов дүйшөмбү күнү 89 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

"Советтер Союзу менен Россиянын залкар кинорежиссеру, СССРдин Эл артисти Эльдар Рязановдун өлүмү тууралуу кабарды кабыргам кайышып кабыл алдым. Маркум советтик кинематографиянын түзүлүшү жана калыптанышына ат көтөргүс салым кошкон. Ал бизге таланттардын тобун тартуулап, жараткан тасмалары бир нече муунду тарбиялап өстүрдү", — деп айтылат телеграммада.

Атактуу режиссер Эльдар Рязанов 89 жашында каза болду
Атамбаев Кыргызстандын атынан көңүл айтып, кинорежиссердун үй-бүлөсүнө да колдоо сөзүн арнады.

Эльдар Рязанов — россиялык жана советтик кинорежиссер, сценарист, актер, педагог, теле алып баруучу, акын, драматург, продюсер, СССРдин Эл артисти. Анын "Старики-разбойники", "Невероятные приключения итальянцев в России", "Ирония судьбы, или с легким паром", "Служебный роман", "Вокзал для двоих", "Гараж" жана башка кинолору менен элге таанымал.

Жаңылыктар түрмөгү
0